Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:32

ЫҢКЫЛАП ЖАЛЫНЫ АНЖИЯНДЫ КАПТАДЫ


Бейшембиден жумага караган түнү коңшулаш Өзбекстандын Анжиян шаарында башталган толкундоолор элдик ыңкылаптын шарданы менен жашап аткан кыргызстандыктардын кызыгуусун жаратты. Өзбекстан Кыргызстан менен чекарасын бекем жаап, ортодогу карым-катышты убактылуу токтотту. Анжиян окуяларына карата кыргызстандыктардын пикири кандай?

Анжияндагы окуялар тууралуу Кыргызстанга келип түшкөн үстүрт маалыматтардын кенемтесин аркыл имиш-имиштер толуктоодо. Коңшу өлкөнүн ичинде болуп аткан окуялар көбүнесе эларалык маалымдоо каражаттары аркылуу үзүл-кесил жетип, ошондон көпчүлүк эл Анжияндагы калк козголушунан кабарсыз калууда.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов Анжияндагы окуялар ириде Өзбекстандын өзүндө болуп аткан ички иши экенин эскертип, Кыргызстанда деле өйдө-төмөн болбоду беле деген пикирин ортого салды:

- Өзбекстан өзүнүн чекарасын бекитти. Биздин көз караш кандай болмок эле. Бул эми Өзбекстандын өзүнүн ички саясаты. Көрөбүз кандай болорун.

Кыргызстандын Чекара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева Фергана өрөөнүндөгү белгилүү окуядан соң кыргыз-өзбек чек арасын жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди:

- Кыргыз чек ара кызматынын жетекчилиги Кыргызстан-Өзбекстан чек арасын жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык чек ара отряддары менен чек ара текшерүү бөлүмдөрү чекти коргоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Мамлекеттик чек ара аркылуу унаа, жүк, адамдардын өтүүсү токтотулду. Чек ара кызматы кошумча иш-чараларды көрүп, коңшу өлкөдө болуп аткан окуялар тууралуу кабарларды чогултуп, аларды талдоо иштери жасалууда.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов азырынча расмий Бишкек коңшулаш өлкөдөгү окуялар тууралуу пикирин билдире электигин, ага кылдат байкоо салып жатканын айтты:

- Караштырып көрөлүчү, жагдай өзгөрүлүп кетеби же тынчып калабы, азыр эртерээк го дейм.

Парламент депутаты Кубатбек Байболов соңку учурда постсоветтик республикаларда болуп аткан ыңкылапчыл маанайдын тамыры бир, бул кезектеги саясий эксперименттин ишке ашпай, тарых табигый ыраатында өнүгүүсүн ырастаган окуя болду деп эсептейт:

- Дээрлик тоталитардык өлкөдөн демократияга, европалык демократияга, дээрлик борборлоштурулган экономикадан нарк экономикасына өтүп кетебиз деген далалаттын өзүнүн туура эместигинде болуп жатат. Балээнин баары ошол жакта жатат. Эксперименттин туура эмес экендигин тарых өзү далилдеди.

Кыргызстандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун пикири боюнча деле Өзбекстанда болуп аткан окуялар ириде ал өлкөнүн ички иши:

- Ар бир өлкө ички ишин өздөрү чечиш керек. Биздин кийлигишке акыбыз жок. Бул биринчиден. Экинчиден, эми чек арадагы өзүбүздүн адамдарды жакшынакай карап, өтүү эрежелерин мыйзам чегинде аткарып, эч бир сөз айтпай, кийлигишпей турсак, мыйзам чегинде бул, менин оюмча, эң туура жол болот.

Кандай болгон күндө да, Грузия менен Украинадагы ыңкылаптан кийин көпчүлүктүн көңүлү Өзбекстан тарапка бурулуп, коомдук өнүгүүнүн өзгөчө жолун тандап алган өлкөдөгү саясий кырдаал абдан курч экени айтылып келаткан. Расмий Ташкен жагдай анчалык курч эместигин белгилеп, аны чет элдик маалымдоо каражаттары менен адам укугун коргоо уюмдары курчутуп келатканын билдирип, алардын айрымдарын сыртка чыгара баштаган.

Кыргызстандагы «Орзу» (Арзуу) коомдук уюмунун жетекчиси Ракбархан Разахунова Өзбекстанда болуп аткан окуялар ириде калктын нааразылыгы, кыйла жыл өкүмзор бийликтин зордугуна чыдап келген элдин каршылыгы, ага кошумча, Кыргызстанда өткөн элдик ыңкылаптын таасири экенин ырастады:

- Менин оюмча, калк мындан ары баштагыдай жашоого чыдабай калганынан көтөрүлдү. Мүмкүн ага биздин ыңкылап да таасир көрсөткөндүр.

Анжияндан азырынча аркыл маалыматтар келүүдө. Кандайынан келгенде да, диний кине коюлуп сот жообуна тартылган 23 жаш ишкердин тагдыры чыдамы түгөнүп бүткөн калктын козголушуна шыноо болуп бергени баса айтылууда. К.Байболов ырастагандай, тарых дайыма кайталанат. Тек, аны сердымагы булутту челген саясатчылар гана баамдай алышпайт.
XS
SM
MD
LG