Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

АНЖИЯН КОЗГОЛОҢУ ОРУСИЯДА КАНДАЙ БААЛАНУУДА?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Өзбекстан түндүгүндөгү кырдаалды орусиялык саясий элита ар кыл кабылдашууда. Төмөндө ошондой пикирлердин айрымдары менен таанышыңыздар.

Орусияда Анжиян козголоңун ар кыл баалап, бирок кандай да болбосун ал басылышы керек деп эсептешүүдө. Таанымал журналист Олег Панфиловдун айтканына караганда, Өзбекстан бийлиги нагыз демократиялык оппозицияны куугунтукка алуу менен алакет болуп жүргөндө диний оппозиция жең ичинен күчүнө кирип бийлик талашууга өткөн:

- Демократиялык оппозицияны Ислам Каримов жок кылды. Алардын лидерлери азыр Европада же Кошмо Штаттарда бозгунда жүрүшөт. Бирок ал диний оппозицияны жеңе алган эмес. Диний оппозиция жең ичинен жетилип, өзүнө кандайдыр бир уютку болор негиз түзө алган. Ал алар чыгарган козголоң жетимдүү экенинен сезилип турат.

Орусиянын исламдык комитетинин төрагасы Гейдар Жемалдын ою боюнча, Анжияндагы козголоң «түстүү ыңкылап» чыгарыш үчүн атайылап жаcалып атат:

- Бул козголоңду мен Каримовго баш ийбегендер, ал тургай, Каримовго каршы тургандар бөлүгү уюштурган дейм. Алар атайын кызматтагылар арасынан чыгышкандар. «Түстүү ыңкылап» чыгышына шылтоо болсун деп коомдук тартипти иритүүгө өтүшкөн. Андан ары ага калктын жообу болот. Андан ары бийлик ага жооп берип, кишилерди кан жуткузат. Анан ыйгарым укукту бузган бийликти эл кордоп, эмне жасайм десе ошону жасайт. Ошондон тартып кармашып аткандар исламдык түсүн жоготот. Анан демократиялык лидерлер пайда болуп, кандайдыр саясий түзүлүш жаралат.

Ал эми Мамдума дептутаты Алексей Кокошин болжолунда, бул маселени бир эле Орусия эмес Өзбекстанга кошуна өлкөлөр кийилигишүүсү менен чечүүгө болот:

- Бул багытта биргелешип аракет жаcап, ага Кыргызстанды кошуп, балким Казакстанды, албетте Орусияны тартып, мындай жагдай түзүлүп аткандан кийин БККУ – Биргелеш коопсуздук келишим уюмунун механизмин кыймылга келтирип, маселени чече алабыз деп үмүттөнөм. Өзбекстан БККУга мүчө болбогону менен ал уюмга жардам сурап кайрыла алат.

Саясий талдоочу Андраник Мигроняндын пикири да ушуга чукул чыкты:

- Мен өзбек бийлиги бүгүн исламдык баш аламандыкты ооздукташ үчүн Орусия менен батышта алдыңкы өлкөлөрдөн сөзсүз түрдө колдоо табат деп ойлойм. Эмне дегенде исламдык диний режимге караганда диктатордук болсо да граждандык режим өйдө.

XS
SM
MD
LG