Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

СОТ ОЛИГАРХ ҮСТҮНӨН ЧЫГАРЧУ ӨКҮМҮН СОЗДУКТУРУУДА


Маскөөнүн Мещан райондук соту Михаил Ходорковский, Платон Лебедев жана Андрей Крайнов үстүнөн чыгарчу өкүмүн бүгүн да жарыялабады. Бул күндөрү сот аларды кылмыш кодексинин сегиз беренеси боюнча айыптуу деп тапты. Күнөө тагылып аткан тарап болсо күнөөбүз жок деп аны четке кагышууда.

Маскөөнүн Мещан райондук соту олигарх Ходорковский жана дагы эки бай үстүнөн тергөө жүргүзүүсүн аяктап, аларга өкүм жарыялоого өттү. Каралган иштин көлөмү эбегейсиз болгондуктан анын жыйынтыгын чыгаруу эле бир аптага созулат дешет.

Ходорковскийди жактагандар муну сот атайылап, босогодо, пикетте тургандарды тажатыш үчүн создуктуруп атат дешет. Шаршембиде олигархты жактабачулардын да пикети өттү. Шейшембиде Ходорковскийди жактагандар ичинен 28 кишини милиция кармап кеткен. Олигархты колдойбуз дегендерди, уруксаты бар деп милиция кармаган эмес.

Бүгүнкү пикетке чыккандар четинде турган карыя, олигархты эмне себептен соттоо керек деп эсептей тургандыгын мындайча чечмеледи:

-Бул биздин акча. Ал байлык биздин жердин такоолу. Ал бир кишиге эмес, бардыгыбызга таандык.

Анализчилер баамында Ходорковский байдан салык түрүндө кайтарылып алынган миллиарддаган долларлар деле атуулдар керегине жарап атканы байкалбайт. 12-апрелде сот алдында сүйлөгөн сөзүндө Михаил Ходорковский мындай деген:

-Мен, өлкөбүздүн байлыгын элдин жарды экенин биле туруп, одонолук менен чачышты адатка айланткандар катарына кирбейм. Мен туура эмес олигарх болгонмун. Ошон үчүн бийлик менден бир эле ЮКОСту тартып албай өзүмдү эки жылдан бери абакта кармап жатат.

Адам укугун коргоочу Юрий Борщовдун баамында, бул ишти бийлик бардык байларга өрнөк болсун үчүн жазатып атат:

-Ушул эле кинени абдан көп ишкерлерге такса болорун ким болбосун жакшы түшүнөт. Бийлик ошончо байдын ичинен Ходорковскийди бөлүп алышынын эмне себеби бар? Анткени акыркы жолу өткөн парламенттик шайлоодо ал бийликке оппозициячыл күчтү колдогон. “Яблоко”, Оңчулдар күчүнүн союзу партияларын колдоого алган. Жаңы шайланган парламентте күчтүү оппозиция түзүү аракетин жасаган. Бийликке дал ошол жери жаккан эмес. Ошондуктан Ходорковскийге тагылып аткан айып саясий шааниде экени эч кимди күмөн санатпайт.

Мещан райондук соту олигарх менен ишкерлер үстүнөн чыгарчу жарыясын ушул апта этегинде жарыялоосу мүмкүн экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG