Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

ЕВРОКОНСТИТУЦИЯНЫН ТАГДЫРЫ ФРАНЦУЗДАРДЫН КОЛУНДАБЫ?


29-майда Францияда Европа биримдигинин жаңы конституциясы үчүн добуш беришет. Референдумда эл жалпы европалык башмыйзамды колдобой коюп, Европанын биригүүсүнө жана болочок кеңейүүсүнө чоң залал келтириши ыктымал деген кооптонуулар айтылууда. Жаңы Конституцияны Нидерландиянын калкы да 1-июлда колдобой койот го деген да тынчсыздануулар болууда. Буга чейин башмыйзамды биримдиктин жети мүчөсү колдоду. Анткен менен, талдоочулар парламенттеги добуш берүүгө караганда, жалпы элдик референдум тобокелдүү экенине көңүл бурушат.

Өткөн жылы Борбордук жана Чыгыш Европанын 10 өлкөсү чоң шаан-шөкөт менен Евробиримдикке кошулду. Анын чыныгы баасы 29-майда Францияда, 1-июнда Нидерландияда болчу референдумда айкын болот. Реферундумда эки өлкөнүн калкы Евробримдиктин биринчи Конституциясы үчүн добуш беришет. Референдум алдында, Францияда орток Башмыйзамды колдобоого чакырган кыймыл күч алууда. Анын себеби эмнеде?

Көпчүлүк француздар өлкөнүн мурдакы президенти Валери Жискар де Естен башындагы топ даярдаган жаңы конституциянын экономикалык бөлүгү “ашыкча либералдуу” болгондуктан Францияны жакырдыкка алып барат деп шектенишет. Атап айтканда, биримдик дагы кеңейсе, ири капитал дагы чыгышка агып кетет, өлкөнү аразан жумушчу күчү каптайт. Мындан корккон француздар биримдиктин кеңейүүсүнө, жаңы Конституцияга каршы.

Ал эми уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселесин шайлоочулар эмес, саясатчылар чечишкен деп түшүндүрөт Париждик талдоочу Филипп Моро де Фарж:

- Чындыгында уюмдун кеңейүүсүнө калк макул болгон эмес. Муну француз элинин мисалында көрсө болот. Көпчүлүк эл кеңейүүгө нааразы жана бул иш таңууланды, зордоп жасалды жана Батыш Европанын, айрыкча, Франция жарандарынын тандоо мүмкүндүгү болбоду деген пикирде.

Нидерландия узак жылдан бери интеграциянын жактоочусу эсептелген. Бирок соңку сурамжылоолор өлкө калкы Конституция боюнча эки анжы пикирде экенин көрсөттү.

Амстердамдагы Эл аралык изилдөөлөр институтунун эксперти Дик Лөрдайктын кебине караганда:

– Европанын биригүүсүн жактагандар бизде канчалык күчтүү экенин башкалар да, өзүбүз да көрдүк. Азыр жаамы журттун көңүлү Конституцияны ратификациялоо өнөктүгүнө бурулган. Азыр элдин маанайы өзгөргөндөй көрүнөт. Бул мени бираз да болсо таң калтырат.

Лөрдайктын айтымында, нидерланддар улуттук өзгөчөлүгүбүздү жоготобуз, маң заттарын колдонууга жалпы мыйзам тыйуу салат, Түркия Евросоюзга кошулса, өлкөгө иммигранттар толуп кетет деп чочушат.

Франциялык жана нидерландиялык шайлоочулар Евробримдиктин Конституциясын колдобой коюшса эмне болушу мүмкүн?

Ырасмий Париж жарандар “жок” деп, Башмыйзамды четке кагышса, биримдик иштебей калаарын алдын ала эскертти. Талдоочулар андай пикирге кошулбайт. Биримдик акырындап алга жыла берет. Ырас, уюм дүйнөлүк саясатта күчтүү оюнчу болбой калат жана биримдиктин кеңейүүсү артка жылат деп боолгошот талдоочулар.

Маркус Валдын пикиринче, эгерде нидерланддар же француздар жана башка улуттар Конституцияга каршы чыгышса, ЕвроБиримдик жалпы европалык айрым фунцияларды өзүнө алууга аракет кылаары шексиз:

- Идеянын маңызы мындай: Эгерде орток Конституция болбосо, алар Конституциянын айрым бир бөлүгүн, атап айтканда, тышкы иштер министрлигин жана тышкы байланыштар кызматын башкарууга аракет кылышат. Ал балким ратификацияны же добуш берүүнү талап кылбаган жаңы иш болот.

Евробримдиктин жетекчилеринин айтымында, шайлоочулар рефрендумда “жок” деп жооп беришсе, уюмда башка даяр планы жок. Бирок айрым талдоочулар Нидерлан өкмөтү келерки жылы референдум кайра өткөрүлсүн деп чечиши мүмкүн деп чечиши ыктымал. Бул ыкма мурда Ирландияда жана Данияда колдонулган.

Орток Башмыйзам күчүнө кириш үчүн, аны ЕвроБиримдикке мүчө 25 өлкө тегиз колдошу абзел.

XS
SM
MD
LG