Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН БААРЫ ТИЛ СЫНАГЫНАН ӨТҮП БҮТТҮ


Президент болууну каалаган талапкерлерди тил комиссиясы дээрлик сынап бүттү. 4-июнда өткөн отурумунда дагы төрт талапкерди сынап, “кыргыз тилин билет” деген баа койду. Мындай баага жалпысынан 12 талапкер татыктуу болду. Комиссиянын сыноосунан өтпөй калгандар болгон жок.

Президенттикке талапкерлерди сыноону тил комиссиясы 14-майда баштаган. Ар бир ишембиде түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн бул сынактын акыркысына президент болуу ою бар жарандар Токтайым Үмөталиева, Алымбай Сатыбаев, Урмат Барыктабасов жана Назарбек Нышанов катышып, төртөө тең «билет» деген баага татышты. Бирок булардын ичинен экөөнүн президенттик жарышка түшөөрү арсар болуп турат. Ошого карабастан, тил комиссиясынын сынагынан өтүүгө уруксат берилди. Муну БШК бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү зарылдыгы менен негиздеди.

Бул эки талапкердин бири Алымбай Сатыбаев, маселен, «Шайлоо кодексинде» көрсөтүлгөн кол топтоо тартибин толук аткара албагандыктан, БШК анын каттоодон өтпөй калыш ыктымалдыгын белгилеп жатат.

Мындай жагдайды «Шайлоо кодексиндеги» өксүктөр менен байланыштырган Сатыбаев мамлекеттик тил сынагынын учурунда БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун колуна өзүнүн сунушун тапшырды:

- Сунушумду эмне үчүн түз эфирден берип жатам? Жалпы эл, журтчулук уксун, сатылбасын, сатып алышпасын.

Экинчи талапкер Назарбек Нышанов «Шайлоо кодексинде» көрсөтүлгөн кол топтогон жок жана президенттикке талапкер катары 100 миң сом өлчөмүндөгү күрөөнү төлөгөн жок. Нышанов муну жалпы адамдардын укуктарына каршы келет деген ойдо. Ошол себептен мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорду аткарбагандыгын сынак учурунда белгиледи:

- Мен «Шайлоо кодексинин» туура эмес түзүлгөндүгүн принципиалдуу түрдө далилдеш үчүн кол чогулткан жокмун,100 миң сом акча да төккөн жокмун.

Анткен менен тил комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү өзгөчөлүгүнө басым жасап, бул өңүттө Токтайым Үмөталиева менен Урмат Барыктабасовго көбүрөөк упай беришти.

Сынактын соңунда комиссия президенттикке талапкерлердин сабак боло турган өксүктөрүнө кайрылып, каалоолорун айтышты. Маселен, Шерали Жапаровдун пикиринде бул сынак кыргыз тилиндеги жазуу аксап тургандыгын аныктады:

- Жалаң эле президенттикке талапкерлер эмес, Кыргызстандын алкагында кыргыз тилин, анын ичинде жазуу ишин колго алыш керек деген ой пайда болду.

Ал эми комиссия мүчөсү Үмүт Култаеванын оюнда президенттикке талапкерлердин бардыгы дээрлик тил сынагынан өткөнү менен, алардын арасында сабаты начарлар да аз болгон жок:

- Сабаттуулук абдан төмөн. Атын айтпай эле койойун, Конституция деген сөздү жаза албагандар президенттикке талапкер болуп атат.

Комиссия иштин акырында талапкерлерге ийгилик каалады. Бул күнкү сынактын төрайымы Лайли Үкүбаева талапкерлердин арасында аялдардын бар экендигин жакшы жышаан катары белгиледи:

- Анткени, республикада 52 пайыздан ашык кыз-келиндер болуп туруп, ошол кыз-келиндерден бир да талапкер чыкпай калса, анда бул өкүнүчтүү дагы, уят дагы иш болмок.

Борборшайлоокомдун маалыматына караганда, президент болуу ниетин билдирген 12 жаран тил комиссиясынан өттү. Алардын бири - аял. Дагы бир талапкер Кубанычбек Апасов Кыргызстандын жараны экендигин сот аркылуу далилдесе, тил комиссиясына ал акыркы талапкер катары сынак бермекчи. Маселени учурда сот териштирип жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG