Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:59

Москвада Анжиян окуясы эскерилет


БИШКЕК. Анжиян окуясынын 40 күндүгүнө карата Москвада 20-июнда эскерүү кечеси өтөт. Анда Кыргызстандагы “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму тараткан “Октон качкан адамдар” аттуу тасма көрсөтүлөт. Кечеде орусиялык жана Борбор Азия мамлекеттеринен барган укук коргоочулар Анжиян окуясына укуктук жана моралдык баа беришет. Эскерүү кечесин Москвадагы Виталий Пономарев жетектеген “Мемориал” укук коргоо борбору уюштуруп жатат. Бул тууралуу “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова билдирди.

XS
SM
MD
LG