Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

АНЖИЯНДЫК ИШКЕРЛЕР КЫЛМЫШКЕРЛЕРБИ?


Жалалабат облусуна өтө качкан өзбекстандык көптөгөн ишкерлер - устачылык, кол өнөрчүлүк, соода-сатык менен жан баккан адамдар ишканалары жабылганы аз келгенсип, түрдүү шылтоолор менен кылмыш жообуна тартылгандыгы жана жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыгы үчүн Анжияндагы митингге катышкандыгын айтышат. Бозгун туугандарын алып кетүүгө келген жарандардын пикиринде, азыр Анжиянда ишкерликке тоскоолдук жок.

Ишкерлиги менен жан баккан адамдар өнөрүнө тоскоолдук жасалганына чыдашпаган. 35 иш орундуу ишканасы жабылган Ибрагим Салаев митингге чейин Ошто иштөөгө аргасыз болгон:

- Өзүмдүн ишканам бар эле, 35 адамды иштет элем. Жанагыдай митинг болуп жабылгандан кийин Ошко келдим.

Артыкалы Акбаров ишкерлиги үчүн «эктстремист, акрамий» деп коюлган кылмыш ишин өкмөт өзү уюштурган» - деп эсептейт:

- Мен карапайым ишкермин. Мага СНБ мен укпаган “экстремист, акрамий” деген айыптарды коюп, сурак жүргүздү. Сотко тартышты. Мындай кылмышты өкмөт өзү ойлоп тапкан.

Артыкалы Акбаровдун тагдырлашы Бурханиддин Нуруддиновдун пикиринде, ишкер адамдын террорчулукка убактысы жок:

- Бизнесменде террорчулук жасоого мүмкүнчүлүк барбы? Колум бошобосо, кандайча мен террорист болом ?

Куруучу Равшанбек Нурдиновдун жетекчилери жалган жалаа менен камалган :

- Бүтүргөн ишибизге акча которушпаса да, иштедик. Башчыларыбызды куру доомат менен камап, ишканабыз жабылганда, ишсиз калдык. Ишкерлерге жалган жалаа жабышты.

Бозгун тууганын алып кетүүгө Анжияндан келген Мухамад Эгамовдун айтымында Өзбекстанда азыр ишкерлерге тоскоолдук жок:

- Ишкерлерге үстөмдүк болбойт, ишканасы барлар мекемесин ачып, иши барлар жумушун баштаса болот, кыйналгандарга өкмөт ссуда берип жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG