Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Өкмөт структурасы тууралуу маалымат ушул аптада жарыяланышы күтүлүүдө


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн жаңы структурасын түзүү максатында учурда үч долбоор каралып жатат жана бул маселеге байланышкан пикирин президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жакынкы күндөрү билдирет. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров өкмөт үйүндө уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Өткөн аптада эс алууга кеткен Бакиев 4-августта ишке чыгаары күтүлүүдө. Бул аралыкта биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов 28-июлда билдирген пикирине караганда, өкмөт жаңы структураны түзүүдө кыскартууларга көңүл бурат. Ал эми транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков министрликтерди, тармактарды жоюу, кошуу оңой, бирок ага этият мамиле жасоо зарыл деген ойдо. Кадырбековдун пикиринде, өкмөт структурасын түзүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек.

XS
SM
MD
LG