Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

6-АВГУСТ - ЖАПАНИЯДА ТЫНЧТЫК КҮНҮ


6-августта Бишкекте мындан 60 жыл мурда Жапаниянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атом бомбасынан курман болгондор эскерилди. “Тынчтык күнү” деп аталган бул акцияны кыргыз-жапан кызматташтык борбору уюштурду.

1945-жылы 6-августта эртең мененки саат сегизден 15 мүнөт өткөндө америкалык учак тарабынан Жапаниянын Хиросима шаарына «Малыш» аттуу, салмагы 4 тоннадан ашык атомдук бомба ташталган. Ошондогу жарылуунун эпкини 580 метр бийиктикке чейин жетип, 140 миңдей адамдын өмүрүн кыйган, тарыхта мурда болуп көрбөгөн атомдук алаамат катталган. Хиросима шаары тыптыйпыл болуп талкаланып, миңдеген адамдар радиациядан жабыр тарткан.

Ушул эле 1945-жылдын 9-августунда Жапаниянын Нагасаки шаарына да атомдук бомба ташталып, ал ирет 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Мына ошондон тартып ар жыл сайын Жапанияда 6-августта атомдук ааламаттан курман болгондорду эскерип, «Балдардын асманы ар дайым ачык болсун, тынчтык болсун!» деген ураан астында акция өткөрүү салтка айланган.

Бишкектеги кыргыз-жапан кызматташтык борбору тарабынан Бишкекте 6-августта уюштурулган акция Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы атомдук алааматта курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен башталды.

Жапаниянын Кыргызстандагы иштерине убактылуу ишенимдүү кызматкер Тацучико Касай Нагасаки шаарындагы атомдук бомбалоодо чоң энесинен айрылганын айтып, мындай алаамат адамзат тарыхында экинчи ирет кайталанбашы керек деген пикирин билдирди:

- Жапанияда бул күн - эскерүүнүн жана тынчтыктын күнү катары белгиленип, коомдук ишмерлер чогулуп, тынчтык акциясы өткөрүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 60 жыл болсо да анын залакасы, жарасы айыга элек. Дүйнөдө тынчтыкты сактоо көйгөйү ар бирибиздин көңүлүбүздө турат. Атомдук бомба - бул трагедия, анын кесепетин жапондуктар дүйнөгө сабак катары айтып келебиз. Хиросима менен Нагасакидеги алааматты эч убакта унутууга болбойт.

Кыргыз-жапан кызматташтык борборуна келген балдарга, жаштарга Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы атомдук алааматты чагылдырган даректүү кинотасмалар, сүрөттөр көрсөтүлдү.

Бишкектик балдар тынчтыктын символу катары көгүчкөн, каркыраны кагаздан жасаганды үйрөнүштү. Ошондой эле балдар “Тынчтык деп согот жүрөгүм” деген темада сүрөт тартышып, өздөрүнүн тилектерин билдиришти. Балдарга атомдук алааматтын зыяндуулугун, кесепетин баяндаган мултьфильмдер көрсөтүлдү.

Хиросима менен Нагасаки шаарларындагы атомдук алааматтан 350 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын, миңдеген жапондук радиациянын кесепетинен майып болгонун, мындай каргашалуу окуя адамзат үчүн сабак болоорун кыргыз-жапан кызматташтык борборунун директору Такао Эндо белгиледи:

- Мен согуш учурунда 1942-жылы Хиросимага жакын Нагоя шаарында туулгам. Согуштан кийинки кыйын күндөргө туш болду, балачагым. Кыргызстандык балдар, жаштар Хиросима менен Нагасакидеги атомдук жарылуунун зыяндуулугун, залакасын көрүп, таанышсын деп атайын даректүү көргөзмөлөрдү, кино тасмаларды алып келдик. Бүгүнкү акциябыз дүйнө элин тынчтыкка чакыруунун коңгуроосу болмокчу.

Кыргыз-жапан кызматташтык борбору уюштурган акцияга катышкан бишкектик Кундуз Карагулованын пикири төмөнкүчө:

- Хиросимадагы окуя тууралуу мурда кабарым болгону менен бүгүн абдан көп маалымат алдым. Көргөзмөдөгү баяндамаларды, даректүү кино тасмаларды көрүп, атомдук бомбанын зыяндуулугун, кесепетин терең түшүндүм.

Жапанияда болуп келген “Кыргыз туусу” гезитинин бөлүм башчысы Догдурбек Юсупов Хиросимадагы атомдук алааматтын залакасы дагы деле байкалаарын, арабачан майып адамдарды көчөдөн жолуктурганын айтты:

- Туз, насип буйуруп Жапанияда эки ирет болдум. Көчөлөрдөн арабачан майып адамдарды көп кезиктирдим. Хиросима менен Нагасакидеги атомдук бомбанын залакасы байкалып турат. Жапандар абдан чыдамкай жана эмгекчил эл экен, Хиросима жана Нагасаки шаарларын таанылгыс кылып кайра куруп, тынчтыкты каалаган калк экенин далилдеп койду. Атомдук алааматтын зыяндуулугун алар дүйнөгө жар салып, ар жыл сайын 6-августту эскерүү күнү катары белгилеп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG