Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

«АСАБА» ПАРТИЯСЫ ОРУСИЯ БИЙЛИГИНЕ 1916-ЖЫЛДАГЫ ҮРКҮНДҮ ГЕНОЦИД КАТАРЫ ТААНЫТУУГА АРАКЕТ КЫЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек 3-августтан 7-августка чейин «Асаба» партиясынын жети өкүлү Бедел ашуусуна барып, 1916-жылкы үркүндө каза болгон атуулдардын сөөгүн жашырып, куран окуп келишти. Партия өкүлдөрү 1916-жылкы үркүндө миңдеген кыргыз атуулдары падышалык орусиянын аскерлеринин аткан огунан каза болгондугу тууралуу Орусиянын азыркы жогорку бийлигине кайрылуу жолдошуп, орусия бийлигинен бул окуяны геноцид катары таанытууга жетишүүгө аракет кылмакчы.

Бедел ашуусуна “Асаба” партиясынын жети өкүлү жана Кыргыз улуттук телекорпорациясынын эки журналисти барып келишти. Алар ашууда он алтынчы жылкы үркүндө каза болуп, көмүлбөй калган атуулдардын сөөктөрүн таап, жерге жашырып келгендигин маалымдашты. Ошондой эле партия мүчөлөрү бул максатта келечекте эки жерге күмбөз тургузуп, орус бийлигине бул кайгылуу окуяны геноцид экендигин таанытууга аракет жасай тургандыгын билдиришти:

- Карасайга жана Бишкекке эстелик орнотуу. Бул тарыхый чындык. Ошондуктан бул кайгылуу окуяны так, даана иликтеп, падышалык орусия жасаган кыргынды учурдагы Орусиянын бийлигине түшүндүрүп, бул окуяны геноцид экендигин таанытуу ,- деди «Асаба» партиясынын төрагасынын орун басары Дөөлөт Нусупов.

Ошондой эле партия мүчөлөрү бул максатта Орусиянын мамлекет башчысына жана орусия думасына кайрылуу жолдоп, бул окуя боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, он алтынчы жылдагы кайгылуу окуянын токсон жылдыгын өткөрүүгө камылга көрө тургандыгын эскертишти. «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын мындай аракети эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге тескери таасирин тийгизбейби? - деген суроого аталган партиянын мүчөсү Буркан Зулкайнаров мындайча жооп берди:

- Бул эки өлкө мамилесине эч таасирин тийгизбейт. «Асаба» партиясы 1995-жылы китеп чыгарганбыз. Тархый документтерде он алтынчы жылы болгон окуяга падышалык аскерлер жетекчилеринин жазган маалыматтары бар. Анда мынча кишини тосуп, мынча кишини өлтүрдүк деген маалыматтар жазылган. Бул тарыхый чындык.

Чындыгында эле көпчүлүк байкоочулар айрым тарыхый окуяларды кайрадан дыкат иликтеп, аларга өз баасын берүү - учурдун талабы дешет. Бул тууралуу 1916-жылдагы окуя боюнча докторлук эмгегин жазаган, тарых илимдеринин доктору, маркум Кушбек Үсөнбаев көзү тирүү кезинде «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде мындайча белгилеген эле:

- Биз жогорудагылардын көргөзмөсү боюнча иштедик. Бизди, тарыхчыларды жаман муунтуп келишти. Мына азыр толук эркиндикке ээ болдук. Өзгөчө мурда айта албай келген темалар: Кыргызстандын Орусияга кошулушу, улуттук көтөрүлүштөр боюнча кайра жаңы маалыматтар менен жазууга болот.

«Асаба» партиясынын жогорудагыдай демилгеси коомчулукта түрдүүчө пикирлерди жаратууда. Бул маселе боюча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганбызда, атын атагысы келбеген элчиликтин кызматкери мындайча жооп берди:

- Бул жөн гана демилге, бул эч жерде айтыла элек. Эгерде алар бизге расмий түрдө кайрылса биз аларга жооп беребиз.
XS
SM
MD
LG