Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Грекияда кулаган учактагы адамдардын дээрлик баарынын денеси табылды


Грекияда кипрдик учак кулап түшкөн жерде 119 адамдын денеси табылды. Жалпысынан учакта 121 адам болгон. Буга чейин алардын дээрлик жарымысы жаш балдар экени айтылган эле, бирок, соңку малыматтарга караганда, жаш балдардын саны 20дай адамды түзөт. Окуянын эмне себептен болгонун жазып калганы жоромолдонгон “кара кутучалардын” экөөсү тең табылды. Азырынча кырсыкка учкучтардын кабинасында басымдын төмөндөп кетиши себеп болсо керек деген божомолдор айтылып жатат.

Авиалайнер жекшембиде Ларнакиден Прагага Афина аркылуу учушу керек эле. Ал Грекиянын баш калаасынан 40 чакырымдай алысыраакта тоолордо жерге кулап түшкөн. Кипрде үч күндүк аза күтүү жарыя кылынды.

XS
SM
MD
LG