Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

ПУТИН БЕСЛАНДЫК ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


2-сентябрда Беслан трагедиясында курман болгондордун энелери жана башка урук-туугандары Кремлде президент Путин менен жолугушту. Бесландык энелер комитетинин жетекчилери Путинге чечен сеператизмин колдогон куралчандардын Белсан мектебине кол салышына байланыштуу бир топ суроолорду кабыргасынан коюшмак. Аман-калгандардын урук-туугандары бул трагедия тууралуу чындыктын толугу менен ачыкка чыгаарына көздөрү жетпей тургандыгын айтышууда.

Беслан трагедиясына бир жыл толду, бир жылдан бери Беслан энелери эми гана Путин менен жолугушууга мүмкүндүк алышты. Аларды Кремлдин кебелбестиги жана тергөө ишинде көп суроолорго жооп берилбей калганы катуу кыжырлантып келди.

Кандайча былтыр 1-сентябрда Орусиянын эң катуу кайтарылган региондорунун бири болгон Түндүк Осетияда куралчан террористтер эч кимге билинбей мектепке кирип келишти? Үч күнгө созулуп, 330дан ашык кишинин өлүмү менен бүткөн үч күндүк кризистин тушунда Путин жана башка жетекчилер эмне кылып жүрүштү эле? Эмне үчүн алар барымтачылар менен сүйлөшүүдөн баш тартышты? Эмнеге 1100дөй киши камалып турган мектепке каршы танктарды, согуш тикучмаларын колдонушту? Беслан трагедиясынын айланасында мына ушул суроолор байма-бай берилип, бирок күнү бүгүнгө өкмөт тараптан алгылыктуу жооп боло элек.

Беслан энелери Комитетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Сузанна Дудиева - Кремлге чакырылган сегиз кишиден турган делегациянын мүчөсү. Ал Беслан кыргынында 13 жаштагы Заур деген уулунан айрылган. Дудиева Бесландан Маскөөгө жол тартаардын алдында Путинден сурай турган суроо-талаптарын «Азаттыкка» мындайча баяндады:

– Биз өлкөнүн президенти да сот алдында сурак берип, Бесландагы окуялар боюнча эмне иш кылганын айтсын деп талап кылабыз. Курмандыктарды болтурбай, мынчалык кан төгүлбөшү үчүн ал эмне кылды? Биз ушуну билгибиз келет.

Путин менен жолугушуунун алдында Беслан энелери ачык кат жарыялашып, тергөөнүн акыйкаттуу болоорунан үмүтүн үзүп койгондугун билдиришти. Эгер тез арада жылыш болбосо, "адам укуктары сакталган демократиялуу өлкөгө" кетүүгө аракет кылышаарын эскертишти. Дудаева бул катка мындайча түшүндүрмө берди:

– Азырга чейин эч майнап чыкпаганын көрүп турабыз, тергөөнүн бейтараптуулугун кепилдөө аракети жок. Бул бизди нааразылыктын ушул жолун тандап алууга түрттү, бардык курмандыктардын атынан кат жазып, ага Беслан энелери комитетинин мүчөлөрү кол коюшту.

Дудиева бул кат Путинге коюлган ультиматум экендигин экендигин мындайча эскертти:

- Тергөө бейтарап жүргүзүлбөсө, бүт дүйнөгө чындыкты болгонундай айтышпаса, биз башка жакка кетүүгө мажбур болобуз. Барган жагыбыздан, киндик каныбыз тамган жерден, Мекенибиз Осетиядан алыста туруп, чындык үчүн күрөшөбүз. Балдарыбыздын келечеги үчүн, апаат кеткендердин арбагы үчүн, жашоого укугу тепселенгендер үчүн, балалыгынан эрте ажырагандар үчүн, бактылуу жашоо укугунан кол жуугандар үчүн күрөшө беребиз.

Кремлдеги жолугушууга журналисттер киргизилген жок. Кийин Путин теледен чыгып, өкмөт элди терроризмден толук коргой албайт деп айтып, бирок өкмөт өкүлдөрүнүн Бесландагыдай зор трагедияга жол бергенине кечирим жок деди.

XS
SM
MD
LG