Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

БАРСКООНДУКТАРГА УБАДА КЫЛЫНГАН МӨӨНӨТ БҮТТҮ, БИРОК МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛГЕН ЖОК


Бакыт Аманбаев, Бишкек 1998-жылдагы Барскоон окуясынан жабыр тарткан атуулдардын маселесин чечүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиясынын кезектеги жыйыны 3-сентябрда Бишкекте өткөрүлдү. Жыйында Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду. Аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жасаган иши бейөкмөт уюм өкүлдөрүн канаатандырган жок.

Барскоондогу кырсыктан жабыр тарткан Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундары мындан бир ай илгери «Кумтөр» кенине баруучу авто жолду сегиз күн бою тосушкан. Алар кыргыз бийлигинен жана «Кумтөр» ишкана жетекчилигинен Барскоон кырсыгынан жабыркаган атуулдарга эл аралык эрежелерге ылайык акчалай компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан. Натыйжада биринчи вице-премьер-министр Медет Керимкуловдун жетекчилигинде 3-августта мамлекеттик комиссия түзүлүп, алардын маселесин бир айдын ичинде чечип берүүгө убада берилген.

Буга чейин комиссия үч жолу жыйын өткөрдү. Бул күнкү жыйында мурда белгиленгендей комиссия өз ишинен кандайдыр бир жыйынтык чыгара алган жок. Анткени Барскоон кырсыгы боюнча айрым маселелерде аткаруу бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү атуулдардын жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн көз-караштары дал келген жок. Маселен, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Дүйшөнбиев кырсык болгондон бери Жетиөгүз район аймагындагы арыктын суусу, жер-жемиштер, топурак жана балыктар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, уулу зат калдыктары табылбагандыгын маалымдады. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жетиөгүз районундагы айылдардагы атуулдардын ден-соолугу жана ал жердеги каза болгон жарандардын саны иликтөөгө алынгандыгын айтып, кырсык болгондон бери Жетиөгүз районунда адам өлүмү көп болууда деген маалыматты жокко чыгарды:

- Илимий жана башка иликтөөлөрдүн натыйжасында, Барскоон, Тамга жана башка айылдарда атуулдардын ооруга чалдыгышы, адам өлүмүнүн саны боюнча 1998-жылдан 2004-жылга чейин башка райондорго салыштырганда чоң айырма жок.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Дүйшөнбиевдин жогорудагыдай маалыматы жыйынга катышкан укук коргоочуларды жана жергиликтүү атуул өлкүлдөрүн канааттандырган жок:

- Мен өткөндө Барскоонго бардым, бир эле күндө эки адам каза болду. Мен сиздин маалыматты туура эмес деп айта албайм. Элдин пикири боюнча, мурдагыга караганда, адам өлүмү көп болууда. Сиздин жогорудагыдай маалымат менен элди тынчыта албайбыз, - деди президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссия башчысы Турсунбек Акун.

Ал эми “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Саламаттыкты сактоо министрлик өкүлүнүн берген маалыматы чындыкка дал келбейт деген пикирин билдирип, ага ишенбөөгө чакырды. Талаш-тартыштан улам комиссия башчысы Медет Керимкулов аталган маселени биргелешип кайрадан иштеп чыгууну сунуш кылды.

Жыйында Айыл чарба министри Абдумалик Анарбаев да маалымат берди. Ал Жетиөгүз район тургундарына төлөнүп берилүүчү компенсациянын өлчөмү эсептелип чыккандыгын маалымдады:

- Беш айылга жалпысынан 151 миллион сом төлөнүп берилиш керек. Бул чолкөмгө жалпы жонунан 200 миллион 200 миң сомдук чыгым келтирилгендигин санап чыктык.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул маселе боюнча «Кумтөр» ишканасынын өкүлдөрү «Азаттыкка» азырынча пикирлерин айтуудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG