Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

АКШнын ТҮШТҮГҮНӨ ТИЙГЕН БОРООН-ЧАПКЫНДЫН САЯСИЙ ДА КЕСЕПЕТТЕРИ БОЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Августтун аягында АКШнын түштүк жээгине тийген "Катрина" деген атка конгон бороон-чапкын өлкө тарыхындагы эң ири табигый кырсыктардын бирине айланды жана айрым саясий байкоочулар аны менен президент Жорж Буштун саясий келечегин да байланыштырууда.

"Вашингтон пост" гезити 5-сентябрда жазып чыкканга караганда, АКШ президенти Жорж Буштун экинчи мөөнөтүнүн тагдыры - "Катрина" бороон-чапкынынын кесепеттери кантип жоюлаары менен түздөн-түз байланыштуу. Эң негизгиси - жапа чеккендердин көпчүлүгү - кирешеси аз кедей-кембагалдар болуп чыкканы жана алардын көпчүлүгү - каралар экени америкалык өкмөткө эми көптөгөн маселе жаратышы мүмкүн.

Табигый кырсык болгондо ээсиз калган дүкөн-ресторандар каракталганы өнүкпөгөн мамлекеттерге гана таандык сыяктуу болуп эсептелинип келген, бирок АКШдан жасалган сыналгы репортаждары жөн гана карактоо эмес, бийлик жиберген тик учмаларга каршы ок атылганын дагы көрсөттү, жергиликтүү бийлик болсо кырсыктын кесепеттерин жоюуга жетиштүү деңгээлде даяр болбой чыкты.

Анткен менен "National Geographic" деген журнал 2004-жылдын октябрындагы санында жарыялаган бир нече макалада - Нью-Орлеан менен кошуна аймактарга күчтүү бороон-чапкын тийсе, андан эмне чыгаары тууралуу дээрлик толук жазган жана анын баары азыр чындап эле болду. Ошондуктан америкалык жана чет өлкөлүк маалымат каражаттары акыркы күндөрдө президент Буш менен америкалык өкмөттү катуу сынга алып, окумуштуулардын эскертүүлөрүнө алар көңүл бурган эмес деп жазууда.

Жер шарындагы аба ырайы өзгөрүп, атмосферанын жылып баратышына бүткүл дүйнө чара көрүп жатканда АКШ өкмөтү Киото протоколунан чыгып кеткени дагы сынга алынууда, анткени аба ырайынын андай өзгөрүшү деңизде улам күчтүү бороон-чапкындардын пайда болушуна алып келүүдө.

"Нью-Йорк таймс" гезити жазганга караганда болсо, АКШнын тарыхында болгон күчтүү табигый кырсыктардан кийин өлкөнүн жалпы саясатында да орчундуу өзгөрүүлөр орун алган. 1889-жылы Пенсильвания штатында суу ташкыны болгондон кийин дагы жапа-чеккендердин көпчүлүгү кедей-кембагалдар экени аныкталган жана штатта абдан көп митинг-демонстрация өткөрүлгөндөн кийин өкмөт антимонополиялык бир нече мыйзам даярдаган.

1900-жылы күчтүү бороон-чапкын Техас штатына тийгенден алты миңге жакын адам курман болгон жана анда дагы жапа чеккендердин көпчүлүгү каралар болуп чыккандыктан көптөгөн маселе пайда болгон. 1927-жылы Миссисипи дарыясы киргенде Нью-Орлеан шаарын топон суу каптагандыктан дагы көптөгөн кара адам курман болгон жана ал окуя президент Франклин Рузвельттин "Жаңы багыт" деген саясатынын түзүлүшүнө негиз болгон себептердин бирине айланган.

Азыркы "Катрина" дагы өлкө тарыхындагы эң ири кырсыктардын бирине айланды жана анын АКШ турмушуна болгон таасири 2001-жылдын 11-сентябрында ишке ашырылган террор аракеттери менен салыштырылууда.

"Вашингтон пост" гезити жазганга караганда, "Катрина" өлкөнүн түштүк жээгине тийген күнү президент Буш Калифорния штатына барган жана анын жардамчыларынын илээндилигинен ал борбор калаага бир нече күндөн кийин гана кайтып келген. 2001-жылдагы окуялардан кийин пайда болгон элдик кыжырланууну АКШ жетекчилиги Усама бин Ладенге каршы бурган, Ирактагы согуш учурунда дагы душман ким экени айкын белгилүү. Азыркы бороон-чапкындан кыйрандыга учураган шаарларды калыбына келтирүү ишинде болсо президент Буш эч кимди душман деп ачык айта албайт, ошондуктан элдик кыжырлануу өлкө жетекчилигине каршы бурулушу мүмкүн жана келечек эми бийликтин өзүнүн аракеттерине гана көз каранды.
XS
SM
MD
LG