Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

«Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдын компромисттик долбоору сунушталды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укук реформасы жана адам укуктары комитетинин 14-сентябрдагы отурумунда регламентке таянган комитет төрагасы Камбараалы Конгантиев «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесинин 8-пунктуна «өкмөттүн» деген сөздү кошууну сунуштады. Натыйжада мыйзамдын президент вето койгон талаштуу жобосу административдик мекемелер уюштуруучу структура катары өкмөттүн, министрликтердин же мамлекеттик комитеттердин алдында түзүлөт деген мазмунду түзүшү ыктымал. Сунушту президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев да колдоду. Бирок кворум болбогондуктан, комитет бул күнү сунушка добуш бере алган жок. Бул отурумда Жогорку Кеңештин төрага орун басары Болот Шерниязов президенттик администрацияны Конституцияны каалагандай чечмелеп жатат деп сынга алып, мындай мамиле бийликтердин ортосундагы кризистин ыктымалдыгын белгиледи. Ушул эле күнү уюштурган маалымат жыйынында төрага Өмүрбек Текебаев президенттин каршылыгына парламент макул болбосо кризис курчуп кетерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG