Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Беш айдан бери жүрүп жаткан “Эл ырчысын эл тандайт” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, Карабалта шаарынан келген Айганыш Казакбаева жеңүүчү деп табылды. Борбор Азия регионунда өтүүчү “Арт -Апгрейд” искусство фестивалынын ачылыш аземи кино үйүндө болуп өттү.

Дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Эл ырчысын эл тандайт” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн гала концерти өттү. Концертте Кыргызстандын бардык аймактарынан тандалып келген он эки конкурсант биринчи жолу чоң сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Үч күн катары менен өткөн бул концертте көрүүчүлөр жаш ырчылардын таланттарына күбө болушуп, өздөрү жактырган ырчыга добуштарын беришти. Жыйынтыгында Карабалта шаарынан келген Айганыш Казакбаева жеңишке жетти.

Эми бул жаш таланттар Кыргызстандын аймактарын кыдырып, концерт беришет. Ал эми чыгармачылыгын андар ары да улантам, келечекте ырчы болом деген улан-кыздар менен уюштуруучу топ келишим түзүп, андан ары ишин улантып кеткенге көмөк көрсөтүшмөкчү.

***

Бейшемби күнү Чынгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Борбор Азия регионунда өтүүчү “Арт-Апгрейд” искусство фестивалынын ачылышы болду. “Фабрика” борборунун демилгеси менен уюшулган бул фестивалда аты аталган борбордун кызматкерлеринин фотогарафиялык жана графикалык сүрөттөрү, китеп жасалгалары көпчүлүктүн сынына коюлду. Ошондой эле кыска метраждуу үнсүз тасмалар да көрсөтүлдү.

Фестивалга келген көрүүчүлөрдун бири режисер Калык Акматов мындай фестивалдар көбүрөөк болуп турса өзүбүздүн маданиятыбызды көтөргөнгө кичине болсо да түрткү болот го деген пикирде:

- Бул фестиваль биринчи жолу болгонуна карабай аябай жакшы өтүп жатат. Менимче, мындай фестивалдар көбүрөөк болсо маданиятыбызды кичине болсо да көтөргөнгө түрткү болот эле.

***

Аптанын ишембисинде Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде венгер скульптору, кыргыздын айкел өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Ласло Месароштун жүз жылдык мааракесине карата көргөзмө ачылды. Ага Венгер Республикасынын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчиси, аталган Республиканын Кыргызстандагы консулу, скульптордун кызы Марта Месарош жана маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, сүрөтчүлөр катышты.

Ласло Месароштун кызы Марта Месарош бул көргөзмө тууралуу пикирин төмөнкүчө бөлүштү:

- Бүгүнкү күн менин жашоомдогу өзгөчө күн. Бул көргөзмөнүн уюштурулушу жана ага көптөгөн коноктордун келиши мен үчүн чоң кубаныч.

Көргөзмөдө Ласло Месароштун эмгектерин чагылдырган сүрөттөр менен бирге “Кыргызфильм” киностудиясы тарткан “Ласло Месарош” аттуу кыскаметраждуу кинотасма да көрсөтүлдү.
XS
SM
MD
LG