Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Жогорку Кеңеш 25-октябрда депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан кырдаалды талкуулап, депутаттык комиссия түздү. Парламенттин сессиясында башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, юстиция министри Марат Кайыпов, ички иштер министри Мурат Суталинов жана коопсуздук кызмат башчысынын биринчи орун басары Абдижалил Жамалов маалымат беришти.

Талкууну Кыргызстан калкына телеберүү аркылуу түз көрсөтүү сунушу парламентте колдоо таппай калды. Бирок нааразылык акциясын өткөрүп жаткандардын талабы боюнча талкуунун жүрүшүн көрүү үчүн аларга Жогорку Кеңеш имараттын сыртына монитор коюп берди.

Депутаттар маселени кароонун алдында 20-октябрда №31-Молдовановка түрмөсүндөгү ок атууда набыт болгон депутат Тынычбек Акматбаевди, Таласбек Оморовду, Х. Алыкуловду бир минуталык тыныгуу жасап, эскеришти.

Адегенде белгилеп койчу жагы, парламентте премьер-министр Феликс Куловдун отставкасына байланышкан маселе каралган жок. Муну төрага Өмүрбек Текебаев депутаттар тарабынан сунуш түшпөгөндүгү менен негиздеди. Анын айтымында, мыйзам боюнча өкмөттүн кызматтан кетишин парламент жылына бир гана ирет талап кыла алат:

- Өкмөт башчы отчет берген учурда, өкмөттүн ишин биз татыктуу деп таппасак, өкмөттү толук курамы менен кетирүү боюнча ишеним көргөзбөө чечимин кабыл алып, президентке кат жолдойбуз. Премьер-министрди кое турган дагы, ала турган дагы, бул – президент. Биздин сунушубузду президент укпай коюшу мүмкүн. Бул жерде жазылган (мыйзамда). Жок деп дагы бир жолу кайталасак, бизди таратып жибериши мүмкүн же премьер министрди кетирет. Биз ушул кезге чейин депутаттар өлгөн сайын төрт кызмат адамын кызматтан кетсин деп сунуш кылдык. Мисалы, алардын бирөөсү деле аткарылган жок.

Сессияда маалымат берген башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев нааразы тараптын аракеттерине баа берип, плакаттардагы «Кулов – отставкага!», «Кулов биздин балдарыбыздын өлүмүнө сен күнөөлүүсүң!», «Кулов-Батукаев - киши өлтүргүчтөр» деген өңдүү жазуулар мыйзамда бийик даражалуу кызматкердин беделине, ар намысына доо кетирүү, мазактоо жана жалаа катары караларын белгиледи. Бирок башкы прокурордун милдетин аткаруучу бийик даражалуу үч жетекчинин: президенттин, өкмөт башчынын жана Жогорку Кеңеш төрагасынын бирөөнүн – президенттин гана укугун өз алдынча коргой аларын, ошондуктан, сотко кайрылуу болмоюнча, Куловго байланыштуу чара колдоно албастыгын билдирди.

- Мен прокурор катары чара көрө албайт экемин. Себеби, мыйзамда ушундай өксүк бар экен.

Конгантиев ошондой эле учурда кылмыш жасагандыгынан шектелген Рысбек Акматбаевге (депутаттын агасы) байланыштуу да чечим кабыл ала албастыгын билдирип, аны иштин сотко өткөндүгү менен негиздеди.

Конгантиевдин айтымында, депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнүн айланасында карама-каршылыктуу көп жагдайлар бар жана мунун бардыгы ар тараптуу иликтенип жатат. Мунун бир өңүтү катары ал кургак учук илдети менен жабыркаган айыпкерлерге ылайыкталган №31 колонияда кылмыш дүйнөсү барктаган адамдардын жайгашып турушун белгиледи. Түрмөлөрдө катуу тартиптин жоктугу ушул кырсыкка кирептер кылды деп эсептеди башкы прокурордун милдетин аткаруучу өз сөзүндө:

- Эмне үчүн тиешелүү чаралар колдонулган эмес? Эгер соттолгон адам же башка адамдар курал колдонсо, эреже боюнча тиешелүү орган же адамдар тарабынан тиешелүү чаралар колдонулушу керек. Ал жасалган эмес. Биз мыйзамда каралган катуу чараларды колдонуунун ордуна кылмыш дүйнөсүнүн баркталган адамдары менен сыпайы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Өлкөдөгү стабилдүүлүктү, тынчтыкты камсыздоо үчүн акыркы арга калганга чейин сүйлөшүүлөр улантылаарын коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов билдирди:

- Конструктивдүү жол менен реалдуу тыянак чыгаруу мүмкүн болбой калса, кандайдыр бир аргасыз кырдаал түзүлсө, албетте, өлкөдө тартип орнотуу үчүн тиешелүү чаралар колдонулат, ага күч, каражат жетиштүү.

Депутаттар Тынычбек Акматбаевдин жана анын жардамчыларынын өлүмүнө байланыштуу тиешелүү тармак жетекчилеринен тышкары №31-түрмөгө депутат менен кошо барган коомдук жардамчылардын бири Нуристан Сыдыковдун да маалыматын угушту. Акырында ишти териштирүү үчүн жети кишиден турган депутаттык комиссия түзүп, ага ишти териштирүүгө 15-ноябрга чейин мөөнөт беришти. Комиссия төрагалыгына депутат Алишер Сабировду бекитишти.

Мындан тышкары депутаттар президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов менен бирге кырдаалды жөнгө салуу максатында биргелешкен кеңешме өткөрүү сунушун президентке жолдошту. Мындай сунуштун пайда болушуна сессияга чакырылган мамлекет башчы менен өкмөт башчынын келбей калышы негиз берди. Эки мамлекеттик жетекчинин келбей калышын алардын өкүлдөрү иш графигин бузуу мүмкүн болбогондугу менен түшүндүрүштү.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG