Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Ирандын айынан мунайдын баасы өсүп кетти


Бүгүн Азия базарында мунайга болгон баа кескин өсүп кетти. Азыр бир баррель мунай, буга чейинкиге караганда, бир долларга кымбатыраак турат. Мунун себебин аналитиктер Иран өзүнүн ядролук обьекттерине эларалык инспекторлорду киргизбей, уран байытууну кайра баштагандан кийинки абал менен түшүндүрүп жатышат. Тегеран уран байытууну кайра баштаганын бүгүн Ирандын ырасмий өкүлү да ырастады.
Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиги (МАГАТЭ) “Иран жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатышы мүмкүн” деген шек менен Тегеран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүү чечимин кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG