Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

БЕЗГЕК ИЛДЕТИ КҮЧӨП БАРАТАБЫ?


Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда безгек илдетинин жайылып баратканын маалымдады. Соңку эки жылдары 300дөн ашуун жаран безгек оорусу менен катталган. Безгек дартынын кулач жайышына ички миграциянын таасири бар деп эсептешет эпидемиолог адистер.

Безгек илдети жугуштуу мүнөзгө ээ экенин белгилешет дарыгерлер. Безгек оорусу чиркейдин вирусу аркылуу жугат. Эпидемиологдордун айтымында чиркейдин 150дөн ашуун түрү бар. Ал эми безгекти чакыруучу чиркейди башка чиркейлерден айырмалап билүү кыйын. Ал чиркей көбүнчө саздуу келген жерде, суу-көлчөктөрдүн айлана-тегерегинде басымдуу жайгашкан.

Безгекке чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү саздуу жерлерде, көчүп-конуп жүрүшкөн адамдардын арасында көп жолукканы айкын. Ошондон байкоочу-аналитиктер безгек дартынын жайылып баратышын ички миграциянын күч алганынан көрүшөт.

Башка чиркейлерге караганда безгекти чакыруучу чиркей чаккан адамдын ден соолугу дароо начарлап, денеси ысып чыгат. Андан айыгуу үчүн белгилүү убакыттарды талап кылат.
Мамлекеттик санитар-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысынын орун басары Нурболот Усенбаев мындайча маалымат берди:

- 2005-2006-жылдары 220дан 320 адам безгек илдети менен катталган. Быйылкы жылы безгек менен ооругандар азайды десек да болот. Азайды дегенибиз безгекке каршы санитардык күрөш жүргүзүп жатабыз. 2003-жылы 470 адам безгек менен ооруган эел. Бул сандарга салыштырмалуу 2007-жылы бир топ безгек менен ооругандардын катары азайды. Быйыл 40тан ашуун адам безгек менен дарыланып жатышат. Безгекке жөндөмдүү чиркей чаккан адам тегерегиндеги адамдарга жуктуруп, ден соолукка зор коркунуч алып келиши мүмкун.

Ушундай деген эпидемиолог-дарыгер безгек дартынын курчуп баратканына мындайча шилтеме жасады:

- Акыркы он, он беш жылдын ичинде безгектин катуу түрү менен ооругандар болду. Анткени эл ичинде жумуш издеп, жер которуштуруу, жаңыдан ү куруп, талаачылыкты оздөштүрүү максатында суу бойлоп, саздуу жерге үй куруу сыяк туу фактылар болду. Безгекке кабылгандардын трумуш-шартын иликтеп көргөндө ушундай жыйынтыктарды берген. Ички миграциянын күчөшү безгек илдетинин курчушуна себеп деп эсептейм.

Эпидемиолог-дарыгер андан ары безгектин жайылыш коркунучун алдын алууда санитардык иш-аракеттер күчтөндүрүлүп жатканына токтолду. Эл жайгашкан саздуу аймактарды химиялык заттар менен адамдын ден соолугуна олуттуу залалын тийгизбеген абалда зыянсыздандыруу иштерди жүргүзүп жатканын кабарлады.

Ал эми жугуштуу ооруларды дарылоочу бейтапкананын дарыгери Нуриса Муратова ушул жай ичинде безгекке чалдыккан 40тан ашуун адамдын катталганын билдирди:

- Көбүнчө жаңы конуштарда жашаган тургундар арасында безгекке кабылгандар арбын . Айрыкча жаш балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн безгек илдети өтө эле кооптуу. Ага маани бербей койгондон көптөгөн эски ооруларды чакырчуу мүнозгө өтүп кетет. Анан да чиркей чагыптыр дегендей ооруканага кайрылуудан эринишет. Ошондуктан ден соолугуна күйгөн ар бир адам чымын-чиркейлер күч алган убакта медициналык текшерүүдөн өтүп койсо артыкбаш болбос.

XS
SM
MD
LG