Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

ВИЧ ВИРУСУ АМЕРИКАГА АФРИКАДАН ЭМЕС ГАИТИДЕН КЕЛГЕН


Америкалык окумуштуулардын акыркы изилдөөсү иммундук таңсыктык, же вич вирусу Америкага Гаитиден келгендигин тастыктады. Бул жыйынтык вирус Америкага Африкадан келген деген божомолду төгүнгө чыгарып, вирустун Америка континентине тарашына Гаитиге секс туризмге барган америкалыктар себепкер болгон деген божомолду жаратты.

25-жылдан бери муздаткычтарда сакталып келаткан кандын анализдерин изилдеп чыккан окумуштуулар адамдын иммундук таңсыктык синдромун пайда кылган вирус 1960-жылдарда Гаитиде пайда болуп, көп өтпөй ал жерден Америкага тарагандыгын көрсөттү. Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча окумуштуулар вирус 1930-жылдарда алгачкы ирет Африкада пайда болгондугун, андан соң 1981-жылы Америкада аныкталгандыгын гана билишчү. Эки ортодогу жарым кылымдын ичинде вирус кай жерде жүргөндүгү, Америкага кандайча жеткендиги табышмак болуп кала берген. Америкада вирусту эң алгачкы жолу 1981-жылы Лос -Анжелес шаарында аныкташкан.

Америкалык окумуштуулардын акыркы иликтөөлөрү вирус Америкада 80- жылдарда эмес, 70- жылдарда пайда болгондугун аныктады.

Аризона университетинин биологу, вич инфекциясынын басып өткөн жолун изилдеп жаткан окумуштуу топтун жетекчиси Михаил Воробей Гаитиде жашаган беш башка пациенттен 1982-83-жылдарда алынган кан анализдеринен чыккан Вич- вирустардын гендерин дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнөн алынган вич вирустарынын гендери менен салыштырып көргөн. Салыштыруу Борбор Африкада алынган вич вирусунун параметрлеринин негизинде жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн натыйжасында Гаитиден алынган кан анализдеринен чыккан вирустар параметрлери боюнча Борбор Африкадан алынган вич вирустарына 99.7 процентке окшош болуп чыккан.

Биолог Михаил Воробейдин болжолунда вич вирусу Гаитиге ошол кезде Заир, азыр Конго деп аталган мамлекеттен мигрант- жумушчулар менен келген. Заир көз карандысыздыкка жеткен 1960-жылдан кийин Гаитиге ал жерден сандаган жумушчулар агылган. Ал эми АКШга аны Гаитиге секс туризмге каттаган америкалыктар алып келген болушу мүмкүн. Секс индустриясы Гаитиде 70- жылдарда гүлдөп турган болучу.

Вирус ошондой эле Гаитиден Америкага жумуш издеп барган гаитиликтер аркылуу да тараган болушу толук ыктымал.

Ошентип, вирус Америкага Африканан өзүнөн эмес, Гаитиден келген. Муну вирустун бул аралыктагы мутациясы да тастыктоодо.

Аризона университетинин окумштуулар тобунун бул гипотезасын Бирмингемдеги Алабама университетинин окумуштуусу Беатрис Хаан кубаттады, бирок ошону менен бирге эле африкалыктарды жана гаитиликтерди коркунучтуу ооруну таратты деп күнөөлөөгө жол бербөө керек, деп эсептейт.

Кандай болсо да аман калып, тукумун көбөйтүү мыйзамы менен жашаган ар бир жандык сыңары эле, вирустар да аман калуунун ар түрдүү айла-амалын табууга маш. Ошону үчүн вирус дүйнөгө бу жол болбосо да башка жолдор менен сөзсүз тарамак, дейт Хаан.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG