Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

ТЕГЕРАНДЫК АЙДООЧУЛАР КОШУНУНУН ЛИДЕРИ ТҮРМӨДӨ


Тегеранда Аппеляциялык сот автобус айдоочулар ассоциациясынын жетекчиси Мансур Осанлуну 5 жылга түрмөгө кескен өкүмдү өзгөрүүсүз калтырды. Андан сырткары сот айдоочулар бирикмесинин дагы бир активисти Эбрахим Мададини улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген үчүн 2 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү да күчүндө калтырды.

Тегерандагы автобустар компаниясынын жумушчулар ассоциациясынын башчысы Осанлуну өткөн июль айынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан жеринен уруп-сабап кармап кетип, абакка отургузушкан. Венада жайгашкан Ирандагы адам укуктарын коргоо уюмунун өкүлү Хасан Наеб Хашем айдоочулар бирикмесинин эки активистине чыгарылган өкүм адилетсиз экенин белгилейт.

- Сот өкүмү алардын кылган ишине эч жагынан алганда да калыс боло албайт. Осанлу өзү иштеген компанияда жумушчулардын укуктарын коргоого жана алардын маянасын жогорулатууга үндөгөн баракчаларды тараткан үчүн мыйзамсыз камакка алынган. Аны күчкө салып автобус айдап бараткан жеринен уруп сабап алып кетишкен. Бул аракеттер бардык эл аралык мыйзамдарга каршы келет.

Осанлунун адвокаты ИСНА маалымат агенттигине анын кардары Тегерандагы Эвин түрмөсүнө которулуп, жаза мөөнөтүн өтөй баштаганын кабарлады. Айдоочулар ассоциациясынын лидери сотто “мамлекеттик түзүлүш менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген үгүт жүргүзгөнү” үчүн күнөөлүү деп табылды.

Брюсселде жайгашкан Транспорт тармагында иштеген жумушчулардын Эл аралык федерациясы Ирандагы соттун чечимин айыптап, эки айдоочуну тез арада бошотууга үндөдү.

- Эл аралык транспорт федерациясы бул өкүмдү айыптайт. Бул акылга сыйбаган жана баарыбызды өкүндүргөн чечим болду, - деп билдирди “Фарда” радиосуна берген интервьюсунда уюмдун Лондондогу өкүлү Сэм Даусон.

Мансур Осанлу түрмөгө камалаар алдында Лондондо жумушчулардын эл аралык жыйынына катышып келген эле. Ал айдоочулар бирикмесиндеги ишмердиги үчүн телефондон далай коркутуп-үркүтүүгө туш болуп, нечен ирет эскертүү алган. Кесиптик кошундун Мадади баш болгон дагы 5 мүчөсү Осанлунун үйүнө барып, анын аялы менен балдарына колдоо көрсөтүп кеткенден көп узабай, август айында камакка алынган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG