Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Ж.НАЗАРАЛИЕВ: 2005-ЖЫЛЫ 24-МАРТТА МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШ БОЛГОН


Белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев «Асаба» Улуттук кайра жаралуу партиясына өткөндүгүн бүгүн маалымат жыйынында жарыялады. Ал партиялык тизмеде биринчи турарын, парламенттик шайлоодо татыктуу ат салышарын билдирди. Доктор 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга баа берип, аны ыңкылап эмес, мамлекеттик төңкөрүш катары эсептээрин, азыркы бийлик элге берген убадасын аткарбай, мурдагы бийликтен айырмасы жоктугун белгиледи. «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо 24-мартта элдик ыңкылап болгонун, ыңкылаптын максаттары акырындан аткарылып жатканын белгиледи.

Белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев кайрадан чоң саясатка аралашканын, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалдын оорлоп, улуттук руханий байлыктын баалуулуктары сакталбай, мамлекет кыйын кезеңге келип кептелгенде, кыргыз эли үчүн билимин, тажрыйбасын жумшап, салымын тийгизе турган учур келди, деп түшүндүрдү. 2005-жылдын 24-март окуясы тууралуу баасын берген Назаралиев, азыркы бийликти элге берген убадасын унутту деп сынга алды:

- 24-мартты мамлекеттик төңкөрүш, деп айтсак болот. Себеби ыңкылап дей турган болсок, революциялык реформа жасалышы керек эле. Окуу жайы, медицина тармагы болобу, саясий-экономикалык жактан болобу бүт бардык жагынан революциялык реформа жүрүшү керек эле. Мына эки жарым жылдан бери негизи бир дагы революциялык иш болгон жок. Ошон үчүн мен 24-мартта активдүү катышсам дагы, аны ыңкылап деп айтууга оозум барбайт. Мурда кандай болсо ошол боюнча эле калды. Баягы эле эски ыр,- деди Жеңишбек Назаралиев.

Анын мындай пикирине «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев макул эмес. Анын көз карашында ыңкылаптын максаттары бир же эки күндө эле ишке ашып кетпейт:

- Эки жарым жылдын ичинде революциянын максаттарынын айрымдарын ишке ашыра баштадык. Революциянын негизги максаттарынын бири Жогорку Кеңешти таркатуу эмес беле. Бирок дагы Жогорку Кеңешти шайлоо системасын, иштөө системасын түп-тамырынан бери өзгөртүш керек, деп «Эркиндик» партиясы айтып келген. Мына эми парламенттик шайлоо жүз пайыз пропорционалдык негизде өткөнү жатат. Баш мыйзамды жалпы эолдик референдумга коюуш керек, деген демилге менен чыктык эле, ага кошуп шайлоо жөнхндө мыйзам дагы референдмуга коюлду. Революциянын максаттары бир же эки айда тез арада ишке ашып кетиш керек дегенге мен кошула албайм.

Жеңишбек Назаралев 21-октябрда Баш мыйзамдын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакциялары боюнча өткөрүлгөн референдумга баасын берип, референдум 90 пайыздан ашуун фальцификация менен өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоодо бийлик бурмалоого жол бербөөсү зарыл:

- Шайлоодогу эң жаман нерсе бул фльсификация болот. Эми алдыдагы парламенттик шайлоодо бийлик колунан келишинче каалаганын кылышат деген чочулоо бар. Эки колун беш бармакка салгандай салышы мүмкүн. Ошондуктан мен бийликке кайрыларым, акыл эс менен жүрүш керек. Карапайым калкты урматтап, сыйлап жүрүш керек.

Топчубек Тургуналиев болсо референдум бурмалоо жолу менен өттү деген Жеңишбек Назаралиевдин айтканына караманча каршы:

- Мен Жеңишбек иниме айтаар элем. Сен Кыргызстандагы бирден бир чыгаан адамдарынын бирисиң. Жакында өткөн референдумдун токсон пайыздан ашууну фальцификация менен өттү дегениң чындыкка коошпойт. Менин оюмча мүмкүн беш-он пайыз ошондой бурмалоо болгондур, бирок сен токсон пайыздан ашуун бурмалоо болду деп айталбайсың, далилиң жок. Мен дагы айта албайм, беш-он пайыз болду деп. Бирок ал болду.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо «Асаба» партиясынын туусун көтөрүп чыга турган Жеңишбек Назаралиев калыс позицияда туруп, эгерде бийлик же оппозиция мыйзам чегинен чыкса катуу сындай тургандыгын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG