Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТКЕ АЯЛДАР МЕНЕН ЖАШТАРДЫН КАНЧАСЫ КЕЛЕТ?


Парламенттик шайлоодо кодексте көрсөтүлгөндөй аялдар менен жаштарга жана башка улуттун өкүлдөрүнө ажыратылган проценттик мамиле сакталабы?

Парламенттик шайлоодо жаштар менен аялдарга жана башка улуттун өкүлдөрүнө ажыратылган орундар калыс бөлүштүрүлүшү мумкун эмес. Аялдар менен жаштарга мандат ыйгаруу партиялардын ички саясатына жараша болот. Жалалабат шаар тургуну Шухрат Айтиев депутаттыкты бөлүштүрүүдө кол ийрисине тартуу өнөкөтү сакталат деп күмөнсүрөөдө:

- Мамлекеттик жакшы орундарга жаштардын арасынан бирөөнүн таанышы, жээни же тууганы барып жатат. Кемчиликтер такыр кайталанбайт деп айтканга болбойт, бирок азаят. Партиянын ичиндеги өз ара мамилелер ушуга таасир тийгизип коюшу мүмкүн.

Парламенттик орун партиялардын элдин добушун алуусуна ылайык берилет. Бирок, партиялардын кайсы аялдарды өз катарына кошуп алаары тууралуу маселе бүдөмүк. Шайлоодо мыйзам бузулбай, калыстык болсо, Сузак районунан Чынара Жусупованын божомолуна ылайык арбын добуш жыйнаган партиялардын арасына экиден аял депутат кошулуусу ыктымал:

- 15 пайыз аялдардын келиши ыктымал. Партиялардын ушул мезгилге чейин иштеп келген кадыр баркы жана стилине аялдарды тандап кошуп алуу маселесинде, тизмеде үчүчү болуп кайсы партия келет деген маселе боюнча талаш-тартыш болушу мүмкүн.

Башка улуттун өкүлдөрүнөн депутат тандап алууда адилетсиздик болбоосу үчүн саясий партиялар мыйзамды сактоосу зарыл. “Жаны Кыргызстан” партиясынын Жалалабат шаарындагы төрагасы Валижан Атабаев тең укуктуулукту сактоону партиялар өз курултайында чечип алуусун сунуш кылды:

- Аялдарсыз парламент болбойт. Аялдар болбосо жигиттерибиз акыл-эсине келбей ойду-тоону сүйлөп атышат. Аялдар барып ынтымакка алып келет деп ишенип турабыз.

Мурдагы парламенттегидей Жогорку Кеңеште гендердик калыстык сакталбаса, аялдардын нааразылыгын туудурат. Облустагы “Эне үмүтү” коомдук бирикмесинин өкүлү Уулкан Мамасабирова шайлоо көрсөткүчтөрү бурмаланбаса, кыз-келиндер парламенттин үчтөн бирин ээлейт деген ишенимде турат.

Референдум кабыл алган шайлоо кодексиндеги аялдар менен жаштарга жана башка улуттарга байланыштуу өзгөртүүлөр менен шайлоочулар толук тааныш эмес. Ошондуктан аларга бөлүнгөн проценттик тең салмактуулук сакталбай калуусу да мүмкүн. Ушундай көз карашын билдирген облустагы “Чоң кишилерди окутуу” уюмунун өкүлү Замира Муратова түпкү улуттагылар өз кандаштарына тартып кетет деп чоочулайт:

- 30 пайыз жазылып кала берет, бирок практикада колдонулбайт. Аны биринчи ирет коомчулукка ММК аркылуу билдириш керек.

Шайлоо мыйзамындагыдай орун ажыратуу маселеси Социал-демократтар партиясынын курултайында каралаарын облустагы координатор Нурбек Касымбековдон уктук:

- Партиялык тизмени түзүү «Социал-демократиялык» партиясынын сегизинчи съездинде каралат. 15 пайыздан кем эмес жаштарга жана 15 пайыздан кем эмес башка улуттарга да берилет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG