Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

ВАЛЕНТИН ВЛАСОВ: ОРУСИЯ СЫРТТАН ТАҢУУЛАНГАН ТАЛАПТАРГА БАШ ИЙБЕЙТ


Эл аралык “Ататүрк Алатоо” университетинин чакыруусу менен Орусиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Валентин Власов аталган университетке келип “Орусиянын Борбордук Азиядагы ролу” деген темада доклад жасады. Окутуучулардын, студенттердин жана кабарчылардын бир катар суроолоруна жооп берди.

Өз сөзүндө элчи Валентин Власов Борбордук Азиянын дүйнөлүк коомчулуктагы ордуна токтолду:

-Бул регион - Чыгыш менен Батыштын, христиан менен исламдын, славян менен түрк дүйнөсүнүн көпүрөсү. 1920-жылдары “Орто Азия” деген термин пайда болсо, жакында, 1993-жылдын январындагы КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын Алматы жолугушуусунда Орто Азия менен Казакстанды бириктирип камтыган “Борбордук Азия” деген аталыш чыкты. Борбордук Азиянын жалпы аянты – 4 млн. чарчы чакырым, жалпы калкы – 50 млн. адамдан ашык. Демографиялык жактан алып караганда, тез өнүгүп-өсүп жаткан аймак катары эсептелет. Алдыдагы жүз жылдыкта калкынын саны кеминде үч эсе көбөйөт деген болжол бар.

Валентин Власов азыр Борбордук Азия деп аталган чөлкөмдүн тарыхый өнүгүп-өсүүсүндө Орусиянын ролу бир топ экендигин айтып өттү:

- Оболу Орусия империясынын, анан СССРдин курамында турган 1,5 кылымга жакын мезгилдин ичинде Борбордук Азия бирдиктүү экономикалык аймак катары өнүгүүгө гана мүмкүнчүлүк албастан, өздөрүнүн жашоодогу өзгөчөлүгүн, түпкү туруш-турпатын да толук сактап калды.

Андан кийин Орусиянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Валентин Власов жолугушууга катышкандардын бир катар суроолоруна жооп кайтарды.

- “Америка авиабазасынын “Манас” аэропортунда жайгашып туруусуна карата кандай пикирдесиз?

- Келишим түзүлүп коюлгандан кийин америкалык база жана анда иштеген жамаат да Кыргызстандын мыйзамдарынын бардык талап-тапшырмаларын сакташы керек.

-“Бириккен Улуттар Уюму өз миссиясын кандай багытта өзгөртүшү мүмкүн?

-Азырынча Бириккен Улуттар Уюму өз милдетин аткарып жатат. Бул уюмдун айланасында ар кандай жоромолдор, пикирлер бар. Форматын, вазипасын өзгөртүш керек деп жатышат. Бул – мезгилдин таасири. Бүгүн биз “дүйнө көп жактуу” деп жатпайбызбы. Дегеле дүйнө жүзү, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму да өзгөрүүгө учурашы ажеп эмес. Кандай форманы алып жүрөт, аны мен айта албайм. Аны силер көрөсүңөр, жашсыңар да – дагы узак жашайсыңар.

- Америка Орусиянын айрым аракеттерин сындап атпайбы. Ага кандай дейсиз?

-Ага карата пикирин Орусия тарап айтты. Айтканда да, туура айтты. Германияда, анан Нью-Йоркто айтылбадыбы. Жагабы-жакпайбы, чечим кабыл алганыбыздан кийин, мойнубузга милдетти артынганыбыздан кийин – аны бирөөгө арта салбашыбыз керек. Баарыдан мурда өзүбүз аткарышыбыз керек. Ошондо гана бардык нерсе өз-өз ордун табат. Күчтөп буюруунун, таңуулоонун мезгили, менимче, өтүп кеткен. Бул азыр мүмкүн эмес!


-Урматтуу элчи, Кыргызстанды чоң үч держава курчап алганы ырас – Кытай, Америка, Орусия. Ушулардын кимисинин Кыргызстанга кызыкчылыгы көп деп ойлойсуз?

-Кызыкчылыкты мына мындан көрсө болот – Шанхай кызматташтык уюму түзүлбөдүбү. Ага Кыргызстан дагы, Кытай дагы, Орусия дагы кирген. Демек, биз кызыкчылыгыбызды тапканбыз. Ушул уюм аркылуу кызматташуунун жаңы формаларын издеп жатабыз. Шанхай кызматташтык уюму азыр жаш. Мага Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин бир айтканы жаккан. “ ШОС бул - азырынча окуп-изденип жаткан, өзүн-өзү куруп жаткан гигант!” - дейт ал. Анда Кыргызстандын да, Кытайдын да, Орусиянын да кызматташуулары аныкталып коюлган.

- Сиз карапайым элден алыстап кеткени жоксузбу?

- Мен элчи болгондон мурун мэр, губернатор болуп да иштегемин. Андыктан мен дайыма эл менен сүйлөшүп турам. Эгерде мындай байланыштан ажырасаң – сен инсан катары өзүңдү жоготосуң. Мен Кыргызстанда бир жылдан бери иштеп атам. Бардык региондорун кыдырып чыктым. Көптөгөн жолугушууларды өткөрдүм. Айрыкча Таласта, Караколдо. Нарында дагы болдум. Жайлоолордо жүрдүм. Бир нече жолу бозүйлөрдө жаттым. Жетимишке, сексенге таяган аксакалдар менен маектешип олтурсаң,түндү бирге өткөрсөң – тимеле кеткиң келбей калат ал жерден. Бизди Кудай дал ушун үчүн жараткан. Биз маектешип турушубуз керек. Сүйлөшүүлөр токтогон жерде – согуш тутанат. Диалог гана тынчтыкка алып келет.

XS
SM
MD
LG