Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

КЫРГЫЗСТАН КЫЙНООЛОРДОН КАЧАН АРЫЛАТ?


7-декабрда Өкмөт үйүндө Кыргызстандагы кыйноолорго байланыштуу коомдук угуулар болуп өттү. Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссия уюштурган талкууга бийлик, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты. Жыйында кыйноолорго каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколун, Конвенциянын 22 беренесин Кыргызстандын таануусу, кыйноолорго каршы коомдук көзөмөлдү күчөтүү чечимдери кабыл алынды.

Коомдук угууда негизги көңүл тартип коргоо органдарында, өзгөчө Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматында, абактарда орун алган кыйноолорго каршы күрөшүү маселесине бурулду. Жыйынга катышкан президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов проблеманы чечүүгө көмөктөшүү үчүн мамлекет Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы Конвенциясынын Факультативдик протоколун таанууга бараарын билдирди. Ошондой эле Конвенциянын 22- беренеси да таанылыш керектиги айтылды. Эгерде 22- берене таанылса, анда кыйноо фактыларын эл аралык коомчулуктун иликтөөсүнө жол ачылат.

Жергиликтүү укук оргоочулар, «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдырасулова, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова өлкөдө кыйноолор кеңири жайылганын белгилешип, абалды өзгөртүү үчүн системалык реформалар зарылдыгын айтышты.

Төлөкан Исмаилова милиция кызматкерлеринин айлыгынын аздыгы, абактардагы оор абал репрессивдик режимдин сакталышына шарт түзүп жатканын белгилеп, Убактылуу кармоо жайларында кыйноолор көп орун алып жатканын билдирди:

-Убактылуу кармоо жайлары тез арада реформаланыш керек. Анткени, ал жерлерде кыйноолор орун алууда. Анын үстүнө анда адамдар көп мөөнөттөргө кармалып турушат. Ошондуктан кыйноолорго жол бербеш үчүн мына мындай коомдук угуулар эле эмес, чыныгы аракеттер, реформалар керек.

Укук коргоочулар Түп, Жетиөгүз, Базаркоргон, Алабука, Октябрь жана башка райондордо орун алган кыйноо фактыларын мисалга келтиришти. Башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза кыйноо фактылары бар экенин белгилеп, ага каршы биргелешип күрөшүүнү сунуштады. Ал эми Убактылуу кармоо жайын Юстиция министрлигине өткөрүп берүү терең талданып чечилиш керектигин билдирди.

Бирок, Ички иштер министрлигинин тергөө иштери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Кыркелди Кыдырбаев Кыргызстанда бир да кыйноо фактысы аныкталбаганын айтып, бизде кыйноо жок деп ачык айтты.

Буга адам укугун коргоочулар кескин нааразы болду. «Кылым шамы» уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова:

-Башкармалыктын урматтуу жетекчиси сиз сүйлөбөй эле койсоңуз болмок. Биз азыр Башкы прокуратура менен мамиле түзүп, өз ара кызматташууга жакындашып келатканбыз.Кыйноо жок дейсиз. Эки саат мурун милицияканага өзү басып келип, андан кийин бети башы жарылып, тез жардам алып кеткен фактыны кайда катасыз? Мындай милиция жетекчилери менен Кыргызстан канча Конвенцияга кошулбасын абал өзгөрбөйт .

Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун да кыйноо жок дегенге кошула албасын ачыктады:

-Эгерде кыйноо фактылары болбосо биз бул жерге чогулбайт элек го. Ысыккөл, Нарын, Чүй облустарында болгон көптөгөн кыйноо фактыларын келтирдик. Топтор жеринде иштеп, далилдеп жатпайбы. Кыркелди мырза, кыйноо фактысы жок дегениңиз туура эмес.

Коомдук угуунун соңунда чечим кабыл алынып, анда кыйноолорго жол бербөөнүн чараларын иштеп чыгуу, кыйноо фактыларына карата катуу чара көрүү, БУУнун Конвенциясына толук кошулуу белгиленди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG