Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ТҮРКИЯНЫН АСКЕР БАШЧЫЛАРЫ ЖИКЧИЛДЕРДИН КОЛДООЧУЛАРЫНА ЧАБУУЛ БАШТАДЫ


Түркиянын аскeр башчыларынын жикчил ПКК уюму жана анын Eвропа Союзу тарабынан жөлөмөлөнүп келаткандыгы тууралуу айткан сөздөрү өлкө ичинде талаш-тартышты пайда кылды.

Түркиянын армиясынын штабынын төрагасы Генерал Яшар Бүйүканыттын мурда күнү Анкарада Стратегиялык Изилдөөлөр Борбору (САРЕМ) тарабынан уюштурулган бир симпозиумда чыгып сүйлөп, ПКК жикчил тобуна каршы жүргүзүлүп келаткан күрөшкө экономикалык жана идеологиялык өңүттөн баа берди. Согуш майданындагы армиянын чоң ийгиликтерине карабастан, жикчил уюм идеологиялык фронтто ырасмий Анкараны озуп, адам укуктары жана эркиндиктер өңдүү байманалардын коргоочусу кейпин кийе баштагаганын белгилеп, генерал Бүйүканыт ПКК бир гана чет өлкөлөрдөн эмес өлкө ичинде дагы колдоо көрүп жатканын, атүгүл ПКК террору эми легалдуу түспөл ала баштаганын билдирди.

“Сырткы колдоо жана ички жөлөмөлөө бирин-бири толуктап турган динамикалар болуп эсептелет. Ички колдоо болбосо сырткы колдоо мынчалык таасирдүү болбойт эле. Анда сурашпайбы? Сен өз үйүңдөгү ПККнин колдоочуларын тыя албайт экенсиң, анда кайсы бетиң менен бизге чабуул коюп жатасың деп”,- деген генерал Бүйүканыт ПКК бир чети легалдашып, ошол эле кезде саясатташып жатканын айтуу менен атын атабай эле, парламенттеги күрт жарандардын ДТП партиясына ишара кылды. Генштабтын төрагасы ушул сөздөрү менен ПККнын өлкө ичиндеги колдоочуларын чечмелесе, анын орунбасары генерал Сайгун жикчил топтун сырткы колдоочуларына чабуул койду.

“Бир катар Евробиримдик өлкөлөрүнүн, анын ичинде биздин айрым өнөктөштөрүбүздүн турум жана жосундары ПКК жикчил тобун шыкактандырып жатат. Жикчилдерге Европарламентте, Франциянын жана Британиянын парламенттеринде сөз айтууларына мүмкүнчүлүк берилиши мунун эң айкын мисалы. Жикчилдерге бул өңдүү колдоо көрсөтүүлөр, Түркия чегип келаткан азап-тозоктун жана террорго каршы күрөштө берилген курмандыктардын жоопкерчилигин террорчулар менен бирге аркалоо дегенди түшүндүрөт”,- деди генерал Сайгун.

Генералитеттин “ПКК легалдашып парламентке кирди” деп айткан сөздөрү өлкөдө чоң ызы чууну пайда кылды. Оппозицядагы МХПнын айрым депутаттары генералды өз озуйпасын аткара албады деп айыптап кызматтан чегинүүсүн талап кылышты. Депутат Осман Дурмуш кечөө чыгып сүйлөп, “генералдын айткан сөздөрү өзүнүн ийгиликсиз болгонунун далили, кызматтан дароо кетүүсү керек” деген пикирин билдирди.

Башкаруудагы Акпартиянын төрагасынын орунбасары Денгир Мир Мехмет фырат болсо “Мен парламентте эч бир ПКК согушкерин кезиктире элекмин” деп айтты. МХПнын лидери Девлет Бахчели болсо, эгерде сот тактап чыкса анда ПКК парламентте деген сөз деген пикирин билдирди. Ал эми ДТП партиясынын депутаты Хатип Каплан парламентте чыгып сүйлөп,
“Мажлистеги эч бир депутатты соттун жыйынтык чечими болмойун кылмышкер деп атоого болбойт” деп айтса, аталган партиянын мажлистеги тобунун башчысы Ахмет Түрк “биз калктын эрки жана доошу менен парламентке келген кишилербиз” деди.

“Биздин бул жерге келишибиздеги максат Түркияда кырдаалды курчутуш эмес жеңилдештирүүгө көмөк көрсөтүш. Тынчтыкка, демократияга жана парламенттин бүтүндүгүнө ишенебиз” ,-деди Түрк мырза.

XS
SM
MD
LG