Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

НАРЫНДА ТИЗМЕГЕ КИРБЕЙ КАЛЫП, СОТКО ДАТТАНГАН ШАЙЛООЧУЛАР КӨП БОЛДУ


Нарын областында бул жолку шайлоодо тизмеге кирбей калган шайлоочулардын сотко даттануулары арбын болду.

Шайлоо күнү тизмеге илинбей калган нарындыктардын кыйласы добуш берүү үчүн шаардык сотко кайрылууга аргасыз болушту:

- Мен Суранбаев Курманбек, Нарын шаарынын тургунумун. Атбашы көчөсүндө 11-үйдө жашайм. Туруктуу жашоом ушул жер. Тизмеде жок экемин, сотко баргыла дейт, келгенбиз. Сот арыз жазгыла дегенинен жаздык, чечим чыгарып беребиз деген ошону күтүп атабыз. Мына элдин баары ушул жерде.

- 1977-жылдан бери Мусурманкулова көчөсүндө жашайм. Үйдө бешөөбүз жашайбыз. Келсек, тизмеде бешөөбүздүн бирибиз да жок экенбиз.

Шаар сотунун төрагасы Совет Сыдыков бул шайлоого чейин сотко мындай кайрылуулар болгон эместигин белгилейт:

- Мына ушул шайлоодо ушундай проблема болуп атат. Шаардын жарымы тизмеге кирбей калганбы, билбейм, өзүңүз көрүп атасыз, эртеден кечке чейин ушул жерде ажиотаж. Келгендердин укугун бузулбасын деп, кошумча тизмеге кирүүчүлөрдү чечим чыгарып кийрип атабыз.

Нарын шаарынын мэри Бейшенаалы Боогачиев болсо күнөө шайлоочулардын өзүндө деп эсептейт:

- Ар бир шайлоочунун өзүнүн маани бербегендиги, кенебестиги. Барыбыз эле укугум бузулуп атат дегенди билебиз, ал эми өзүбүздүн милдетибизди билбейбиз.

Шайлоо күнү “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү аларга каршы коркутуп үркүтүүлөр болгонун да айтып жатышат. Өзүн Таалай Жапанов деп тааныштырган шайлоочу “Ак жол” партиясына иштеген Тагайбек Мамбетов аны коркутканын билдирди:

- Мен РТС чөлкөмүндөгү Чыгыш көчөсүндө 25-үдө жашайм. Ата-энеңди ойло, жумуштан алып салабыз, Текебаев сага эч нерсе кылып бербейт деп мени коркутту. Мен билгизбестен соткама диктофонго жазып алдым.

Ал эми Тагайбек Мамбетов мындай айыптоону жанына жакын жуутпай четке какты:

- Мен “Ак жол” партиясында мамбилим боюнча штабдын башчысымын. Бул жерде “Ата мекен” партиясынын жаштары эртеден бери машине колдонуп атат деп чыр чыгарып атат. Бул жерде андай нерсе болгон жок. Болгону мен ушул жерде өзүмдүн шайлоочуларымды карап турам. Коркутту десе келип мойнума коюп берсин, - деп жооп кайтарды Тагайбек Мамбетов.

XS
SM
MD
LG