Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ЖОГОРКУ СОТ КЫЙЧАЛЫШТАН ЧЫГУУГА ЖОЛ АЧТЫ


18-декабрда Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-ноябрдагы токтомун жокко чыгарды. Ал токтомдо Шайлоо Кодексинин 77- беренесинин 2- бөлүгүнө түшүндүрмө берилип, саясий партиялар 0.5% добушту региондордон жалпы республикалык тизме боюнча алыш керек деп аныкталган. БШКнын токтомун «Ак жол» партиясы сотко берген эле.

БШКнын токтомун жокко чыгаруу арызы менен «Ак жол» партиясы алгач Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. Сот арызды 28-ноябрда карап, партиянын арызын канааттандырган эмес. Партия апелляциялык арыз менен Административдик жана экономикалык иштер боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бул сот маселени 12-декбарда карап, райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган. «Ак жол» партиясы андан кийин акыркы сот инстанциясына, Жогорку Сотко арыз менен кайрылып, маселени көзөмөл иретинде кароону өтүнгөн. Жогорку Сот 18-декабрда Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, анын биринчи орун басары Давлетов жана Жогорку Соттун судьясы Алмагүл Алпиеванын курамында турган коллегиясында карап, ишти «Ак жол» партиясынын пайдасына чечти. Чечимди Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов окуп берди:

-Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодексинин 77- беренесинин 2- бөлүгүн түшүндүрүү боюнча 19-ноябрдагы токтому четке кагылып, анын жараксыздыгы белгиленсин.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 0.5% боюнча токтому жокко чыгарылгандан кийин саясий партиялардын парламентке келүүсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк ачылды. Токтом күчүн жоготкондон кийин, эми 0.5% саясий партиялар региондордун калкынын санына жараша алыш керек. Мындай тосмодон «Ак жол» жана «Ата мекен» партиясы өткөнү кабарланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков БШКга шайлоо протоколдору түшүп жатканын жана алар толук келип бүткөндөн кийин шайлоонун жыйынтыгы чыгарылаарын айтып, азырынча кайсы партиянын парламентте канча орун алаары, кайсы партия өткөнү тууралуу эч нерсе айта албасын белгиледи.

«Ата мекен» партиясынан сырткары Социал-демократиялык партия 5% тосмону өтүүгө жакын турат. Бул партия алдын ала маалыматтар боюнча 4.25% добуш алганы маалым. Социал-демократтардын лидерлеринин бири Осмонбек Артыкбаев Жогорку Соттун чечими тууралуу мындай пикирин билдирди:

-Бул чечим өтө туура чечим болду. Себеби деген 0.5% деген туура эмес тосмо болгон. Экинчиден, муну эми «Ак жол» партиясы сотко берип, ошолор жокко чыгарганы-бул бир оюн болгонун билдирип турат деп ойлоймун.

Осмонбек Артыкбаевдин пикиринде, Социал-демократиялык партия шайлоодо кеминде 20% добушка ээ болду. Бирок уурдоолор, көз боемочулуктар абдан көп болуп, партиянын көрсөткүчтөрү төмөн болуп калды. «Биздин партия акыйкатка кандай жол менен жетерин азырынча ачыктабайт»,- деп белгидеи Артыкбаев.

Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун Жогорку Соттун чечимин оң баалады:

-Соттун чечими тарыхый чечим болду деп эсептеймин. Сот мындай чечимге барбайт болчу. Ага кырдаал түрткү болду. Анткени азыркы кырдаал оор. Ошондуктан бул бир четинен саясий чечим да болуп калды. Биз бир партиянын монополиясына жол бербешибиз керек. Бир эле «Ак жол» өтүп калса, ушул убакка чейин келген демократия четке кагылмак. Эми мына «Ата мекен» париясы кирет, башка партия да кирип калышы мүмкүн. Бул чоң жеңиш деп эсептеймин.

БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун билдирүүсүнө караганда, шайлоонун расмий жыйынтыгы жума күнү чыгарылышы күтүлүүдө. Мына ошондо кайсы партия парламенттен орун алаары айкын болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG