Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

ИРАН БОЮНЧА КИЙИНКИ КАДАМДАР БЕРЛИНДЕ КАРАЛУУДА


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын тышкы иштер министрлеринин Берлиндеги бүгүнкү жолугушуусунда уран байытуу программасын токтотпогонунан улам Иранга карата санкциялардын үчүнчү айлампасын киргизүү мүмкүнчүлгү талкууланмакчы. Бирок Кытай менен Орусия жаңы санкцияларга каршы экенин эске алганда, тараптардын келишимге жетиши күмөн саноолорду жаратууда.

АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германиянын тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелерди талкуулоо максатында соңку ирээт былтыр сентябрда Нью-Йоркто кездешкен эле. Андан берки сүйлөшүүлөр ар кандай деңгээлдеги дипломатар ортосунда өттү.

Берлиндеги бүгүнкү жыйында болсо алты тараптын тышкы иштер министерлери Иранга өзөктүк программасынан улам жаңы санкцияларды киргизүү боюнча али сакталып жаткан пикир- келишпестиктерин четтетүүгө дагы бир аракеттенмекчи.

Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин буга чейинки резолюцияларында талап кылынгандай, уран байытуу программасын токтопогону үчүн ага эми санкциялардын үчүнчү айлампасын колдонууну АКШ, Франция, Британия, Германия көздөөдө. Бирок Кытай менен Орусия жаңы санкциялардын зарылдыгынан күмөн санап турат. Айрым аналитиктердин айтымында, бүгүн Берлинде талкууланчы кадамдар Вашингтон Тегеранга каршы өз алдынча көргөн катаал экономикалык чараларды камтыбачыдай. АКШ болсо ошондой чараларды эл аралык коомчулук да кайталоосун каалайт.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдагы эл аралык институттун эксперти Шэннон Кайл күн тартибинде азыр кандай чаралар турганы жөнүндө мындай дейт:

-Азыр күн тартибинде турганы анык болуп турган нерсе – негизинен 1737, 1747 - резолюцияларга киргизилген, багытталма санкциялардын улантылышы. Бул Ирандын белгилүү чарбалык субьектилерин, жеке инсандарын, маселен, Ирандын өзөктүк жана баллистикалык ракеталар программасына катышы бар деп саналган Революциянын сакчылар корпусу менен байланышы барларды бутага алуу дегенди туюндурат.

Революциянын сакчылар корпусу - Ирандын аскерий бөлүктөрүнүн бири. Анткен менен швециялык эксперт Шэннон Кайл жана башка байкоочулар Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр Иранга каршы жаңы санкциялардын мындай чектелген өлчөмү боюнча да макулдашууга жетише алышына көп ишенишпейт. Анын жүйөөсү Орусия менен Кытайдын каршылыгы. Швециялык эксперт Шэннон Кайл мунун принципиалдуу эки себебин атайт:

-Коопсуздук кеңешинде санкциялар боюнча талкуудагы саясий динамика өзгөрдү. Бул жерде эки негизги фактор бар. Алардын бири - былтыр ноябрдын орто ченинде кооопсуздук чаралары боюнча аткарылган иштер жөнүндөгү отчеттун МАГАТЭнин баш директору тарабынан жарыяланышы. Анда Иран аларга кепилдик берип жатканы көргөзүлгөн. Бул чынында туура эмес. Бирок бул маалымат Ирандын коопсуздук кепилдиктерин аткаруу боюнча кызматашттыгына байланышкан тынчыздануулардын бир бөлүгүн басаңдатты. Албетте, экинчи фактор - АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматы. Менимче, бул аталган маселе боюнча шашылыш чечүүнү талап кылган көп маселерди алып койду десек адилет болот.

АКШнын он алты чалгын мекмесинин былтыр декабрдын башында жарыяланган биргелешкен отчетунда Иран өзөктүк програмасынын курал бөлүгүн 2003-жылы эле токтоткону, бирок уран байытууну улантып жатканы айтылган. Маалыматтарга караганда, Москва менен Пекин болчок санкцияларга каршылык көрсөтүүдө АКШ чалгын кызматтарынын тыянагын башкы себеп катары атоодо. Бирок, АКШ тарап отчеттун маалыматтары Орусия, Кытай, Иран тарабынан кандай чечмеленип жатканына каршылыгын да билдирген.

Президент Жорж Буш докладдагы тыянактарды комментарийлеген сөзүндө аны олуттуу эскертүү деп атап жана эл аралык коомчулукту Тегеранга кысым көргөзүүну улантууну чакырган болчу. Буштун пикиринде, отчетто айтылгандар, Иран туудурган коркунуч жоголду дегенди туюндурбайт.

Кокус Берилиндеги жыйында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү мунасага жете албай калса, БУУнун жаңы резолюциясынын долбоору жакынкы аралыкта кайра эле Нью-Йоркто даярдалчыдай эмес. Андан кийин эмне болушу мүмкүн?

Маселен, Еврошаркет өлкөлөрү АКШны туурап Тегеранга каршы өз алдынча санкция киргизүүгө барабы? Швециялык эксперт Шэннон Кайл окуялардын мындай өнүгүшү күмөндүү деп эсептейт. Анткени, БУУнун Коопсуздук кеңеши сыяктуу эле шаркеттин өлкөлөрү арасында Иран маселеси боюнча ажырым бар. Франция, Германия, Британия кошумча чараларды жактаганы менен калган өлкөлөр бул маселеде БУУнун алкагынан чыгууну каалабайт.

Ал эми Иран кандай болгон күндө да жаңы санкциялар анын саясатын өзгөртө албасын билдирүүдө. Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG