Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

ГРЕЦИЯ МЕНЕН ТҮРКИЯ ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕЛЕР ЖАНДАНАБЫ?


Грециянын премьер министри Костас Караманлис тарыхый мааниге ээ сапары менен Түркияда жүрөт. Мамилелери дээрлик начар болуп келген бул эки өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуя катары бааланган сапарынын жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү талкууга алынып жаткан менен, бул сапар эки-ара мамилелерде бурулуш өзгөрүштөр болбой турганы айтылууда.

Түркиянын борбор калаасы Анкарага шаршемби күнү тарыхый маанидеги конок келди. 49 жылдан кийин алгачкы жолу Грециянын өкмөт башчысы Түркияга келип, айрым серепчилердин пикиринде, алмустактан бери чырдашып, кээ бир учурларда согуштун кырына чейин келген бул кошуна эки өлкөнүн байланыштарында жаңы бир барак ачылды.

Костас Караманлис Анкарада адегенде, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, Эгей деңизинде суу аймактарынан тартып, Кипр жаңжалына чейинки мамилелерге кедерги болуп келаткан маселелерди талкууга алды. Алгачкы маалыматтарга ылайык өкмөт башчыларынын көрүшүүсүндө тараптар проблемаларды жөңгө салууга чын жүрөктөн ынтызарлык билдиришкен менен эки өлкөнүн демейдеги турумдарында кандайдыр бир чеке жылытарлык жылыш байкалбады. Бетме-бет жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин уюштутулган басма сөз жыйынында өкмөт башчы Эрдоган, “эки өлкө бирин-бири коркутуп, коркунуч жаратканы дүйнөдөгү тынчтыка кызмат кыла албайт” деп билдирсе, Грециянын өкмөт башчысы Караманлис, “коогалаңдуу тарыхка карабастан эки өлкө мамилелеринде жаңы бир барак ачылганын” айтты. Ал эми Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган:

-Мен 2008-жыл биздин өз-ара мамилелерибизде жаңыча мүмкүнчүлүктөргө эшигин ачат деп ишенгим келеер эле, - деген Эрдоган, Түркия менен Грециянын ортосунда 1999- жылдан тартып башталаган диалог кийинки 5 жылдын аралыгында өзүнүн туу чокусуна чыкканын далилдеди.

Ал өзгөчө Кипр маселесине токтолуп, аралдагы шайлоолордон кийин БУУнун тынчтык планынын чегинде аралды кайра бириктирүү максатын көздөгөн сүйлөшүүлөрдүн башталуусунун зарылчылыгына басым жасады.

Азчылыктагылар эки өлкөнүн ортосундогу маанилүү көпүрө экенин көрсөтүп, ал бул тууралуу проблемаларды жөңгө салууда эки тараптын пикири бирдей экенин далилдеди:

- Мен бул жерге, өткөндүн кыйынчылыктарын бир жака таштап, келечеке үмүттөнүү менен кароого болгон өлкөмүн ынтызаарын көрсөтүш үчүн келип олтурам, деген Грециянын өкмөт башчысы Караманлис дагы, мамилелердин өнүктүрүлүүсүнө карата жакшы ой-санаа жана тилектештик сезимдерин билдирди.

Бирок, эки-ортодо мамилелерге кедерги болуп келген проблемаларды кандай чечүү керек деген маселеде, эки тараптын туруму алда канча айырмачылыктуу экени байкалбай койгон жок.

“Түркия өз үстүнө алган милдеттенмелерин аткарганда ЕБ-е толук мүчө болот”, - деп ишендирген Караманлис, Эгей деңизиндеги аймактар маселеси Гаагадагы эл-аралык адилет сотунда каралышы керек экенин жана эки өлкөнүн мамилелери эл-аралык мыйзам жана келишимдердин негизинде өнүгө алаарын баяндап, Түркиянын Евробиримдике мүчө болуп киришинин ачкычы Станбулдагы Грек-ортодокс патриархтын эгемендик укуктарынын таанылуусунда жатаарын билдирсе, Эрдоган
эки өлкө маселелерин, 2002-жылдын январында башталган эки-тараптуу сүйлөшүүлөрдүн чегинде чече алышаарын кайталады.

НАТОго мүчө Түркия менен Грециянын ортосунда, Кипр жаңжалы, Эгей деңизини суу аймактары, Станбулдагы фанар Патриархынын макамы, батыштагы түрк азчылыктагылардын укуктары өңдүү далай чатак бар. 1999- жылдагы кырсыктуу жер титирөөлөр кезинде эки тараптын бири бирине адамкерчиликтүү колун созуусу аркылуу мамилелер жакшыра баштады. Бирок ушул тапка чейин, маселелердин эч бирисинде дагы кымындай алга карай жылыш боло элек. Караманлис бүгүн Стамбул шаарын кыдырып, бул жердеги Грек-ортодокс чиркөөсүнүн башчысы патрик Бартолемев менен жолугат.

XS
SM
MD
LG