Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

CЕРБИЯДАГЫ ТАДИЧТИН ЖЕҢИШИ КОСОВОНУН ЭГЕМЕНДИГИ ҮЧҮН ҮМҮТ АРТТЫРДЫ


Сербияда Борис Тадичтин президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Косовонун эгемендик маселеси кабыргасынан туруп калды. Тадич Сербиянын Евробиримдикке кирүүсү үчүн Косовонун болочок тагдырына карата мурунку багытынан тайыбайбы деген суроо учурда кенири коомчулукту кызыктырууда. Дегеле Тадич үчүн жакынкы күндөр саясий чечимдер кабыл алуу тобокелчилигинин мезгили болот шекилдүү.

Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница жетектеген коалициялык өкмөтүнүн Косовонун күңкорсуздугуна карата жалпы маанайы терс. Ал эми Тадич үчүн учурда коалициялык өкмөттү сактап калуу мааниге ээ болуп турат.

Ошол эле убакта Сербиянын Евробиримдикке кирүүсүн камсыздаш үчүн Косовонун эгемендигин таануу да зарыл. Маселени татаалданткан дагы бир жагдай өлкө парламенти Косовонун эгемендигин тааныган кайсы өлкө болбосун аны менен Сербия дипломатиялык алакасын токтотоору тууралуу 2007-жылы декабрда резолюция кабыл алган. Ага ылайык Сербия Приштинанын көз карандысыздыгын таанууга даяр Евробиримдик жана АКШ менен дагы өз-ара мамилесин токтотуп кое алат. Мындай шартта Сербия, демек, Батыштан обочо калчудай.

Белград университетинин саясий илимдер боюнча профессору Чедомир Чупич ушул жумага белгиленген сүйлөшүүлөр жыйынтыгы серб парламентинин таркатылышына алып келиши мүмкүн деп эсептейт:

«Мен бул маселе жакында айкындалат деп ойлойм. 7-февралда Евробиримдик менен келишимдин айрым жоболоруна кол коюлган жатат. Анда өкмөт башчынын буга карата мамилеси ачыкталат. Кандайдыр бир пикир-келишпестиктер болсо парламент таркатылып ушул жылдын жазы менен кайра шайлоо өткөрүшүбүз мүмкүн.»

Серепчилер Сербиянын премьер-министри Коштуница бийликке Николич келе турган болсо, Косовонун эгемендиги тууралу сөз да болбойт деген саясий оюну менен буга чейин Батышты коркутуп келгенин айтышат. Боюсселдеги Эл аралык жаңжал изилдөө тобунун Европа программалары боюнча директору Сабина Фрейзер мындай дейт:

“Бул стратегияны өкмөт башчы Коштуница айрыкча көп колдонуп келди. Ал бир нече жыл бою эл аралык коомчулукту радикалдар бийликке келсе Сербия эч кандай мунасага барбайт деп коркутуп жүргөн. Менин оюмча бул стратегия мындан ары иштебейт. Евробиримдик жана башка эл аралык коомчулук эми Косовонун маселесинде тактыкты талап кылат сыяктуу. ”

Анткен менен батышчыл Тадичтин бийликке келиши Косовонун көз карандысыздыгы боюнча жараянды кайра создуктуруп койду дегендер да бар. Приштиналык албан саясий серепчиси Илир Дуголли мындай дейт:

“Бул (Тадичтин жениши) Косово күнкорсуздугун жарыялоо датасын тактоого таасир тийгизди. Николич женсе ал, балким, бул жараянды тездетмек. Тадичтин жениши эми Евробиримдиктин Косоводо жаны миссиясын тузуусун жана Косовонун көз каранды эместик жөнүндөгү декларациясын Сербиянын тануусу үчүн күтө турууга тараптарды мажбур кылат.”

Серепчилердин айтымында, Косовонун эгемендиги жарыяланчу күн да алыс эмес. Бирок эгемен мамлекеттүлүккө карай эчендеген ийгиликсиз аракеттерден албандыктар чарчашкандай. Азаттык/Эркин Европа үналгысынын Приштинадагы бюросунун жетекчиси Арбана Видишики: “Адамдар эгемендик күнү качан жарыяланат деп күтө берип тажашты. Арийне, алар бул жараяндын артка кайтпасын билишет. Чарчаган эл эгемендикке тез арада жетүүнү эңсешет эмеспи”,-дейт..

Дүйшөмбү күнү Европа Биримдиги Косового өзүнүн атайын миссиясын жиберүүгө макулдугун берди. Эки миң адамдан турган миссия качан ишке кирээри азырынча белгисиз. Косово эгемендигин жар салгандан кийинки өткөөл мезгилде миссия аймакта коопсуздукту камсыздамакчы.

Элен Куленбекова, Прага.

XS
SM
MD
LG