Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Ж. ТУРДУКОЖОЕВ: КЫРГЫЗСТАН ЭЛАРАЛЫК УЮМДАРГА КАРЫЗЫН ТӨЛӨЙ АЛАТ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Каржы министринин айрым эларалык уюмдарга мүчөлүк акы төлөбөй, алардан кол үзүү сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда. “Азаттык” үналгысынын кабарчысынын бул багыттагы айрым суроолоруна саясат таанучу Жыргалбек Турдукожоев жооп берди.

-Каржы министри Тажикан Калимбетова Кыргызстан эларалык уюмдарга мүчөлүк акыга эле бир миллиард сом карыз экенин билдирди. Министр айым айрым эл аралык уюмдар менен кызматташууну токтотуу жөнүндө долбоор даярдалып жатканын дагы маалымдады. Бул Кыргызстанга пайда алып келеби, же зыян алып келеби?

-Албетте, зыян гана алып келет. Себеп дегенде Кыргызстан башка мамлекеттер, чет өлкөлүк уюмдар менен сөзсүз түрдө алакада болуп туруш керек. Бул БУУга мүчө болуп, мамлекеттик эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап эле ушундай милдетти өз мойнуна алган. Андай болгондон кийин эларалык уюмдар менен, же болбосо, эл аралык укуктун субъектилери менен сөзсүз түрдө цивилизациялык мамиледе болуш керек. Андан сырткары ошол эларалык макулдашууларды, келишимдерди сөзсүз түрдө аткарып туруш керек. Ушундай “төлөй албай калдык, мүчөлүк акысын бере албай калдык” деген шылтоо менен ошол келишимдерди бузуу - бул албетте Кыргызстандын аброюна эле шек келтирип, зыян алып келбестен, жалпы эле келечегине залакасын тийгизип, өзгөчө маданий-гуманиттардык жактан бизге чоң көмөк көрсөтүп жаткан уюмдар аркылуу биз көп зыян көрүп калышыбыз мүмкүн.

-Жыргалбек мырза, мына өкмөттүн айрым эларалык уюмдардан кол үзүү демилгесине бейөкмөт уюмдар каршы болуп, президентке кайрылуу жолдошту. Алардын тынчсыздануусуна эмне себеп болушу мүмкүн?

-Албетте, түшүнүктүү да. Бир фактыны айта кетейин. Ушул кезге чейин “Кыргызстан – демократия аралчасы” деп келбедикпи. Бул деле тартыштуу-талаштуу нерсе, бирок биз бир фактыны айтпасак болбойт: Кыргызстан цивилизациялык тартип, укук өкүм сүргөн мамлекет эмес, жапайы мыйзам үстөмдүк кылган, чытырман токойлуу жунгли деп коет эмеспизби, ошондой өлкөгө айланып баратканыбыз чындык. Бул ушундай жерде албетте ички мыйзамдар эле эмес, эларалык мыйзамдарды дагы бузууга дагы жол берилип, Кыргызстанга эмес, анын бийлигине анча-мынча сын айткан кээ бир эларалык уюмдарга карата бул сүр көрсөтүү деп түшүнүүгө болот. Ошол себептен бүт эле Кыргызстан менен келишим түзгөн эларалык уюмдар менен эмес, менимче, кеп ушул, бизге, биздин бийликке карата сын айткан эл аралык уюмдар жөнүндө болуп жатат окшойт. Ошолор менен келишимди бузуу жөнүндө максат коюлуп жаткан болуш керек. Ошон үчүн биздин коомдук уюмдардын тынчсыздануусунда жөн бар.

-Айрым жарандык коомдор тескерисинче, Каржы министрлигинин ишин ачык-айкын натыйжалуу жүргүзүүнү талап кылышууда. Алардын бул талабы канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

-Бул дагы абдан жүйөлүү маселе. Бул маселе бейөкмөт уюмдар тарабынан илгертеден бери эле тагырак айтканда, беш-алты жылдан бери, өзгөчө 2-3 жылдан бери катуу коюлуп келе жатат. Каржы министрлиги эле эмес, жалпы эле ушул мамлекеттик мекемелерде, органдарда финансы маселелери абдан ачык болушу керек деп айтып жатышат. Ушул кезге чейин кээ бир мамлекеттик фонддордун эмне максатта пайдаланып, кандай каражаттарды каякка, эмне максатта жумшап жатканын коомчулук билбейт. Мына ошолорду ачык чыгарып, коррупцияга каршы жакшы, натыйжалуу күрөш жүргүзгөндө, албетте миллиарддаган долларлар жөн эле келип түшмөк казынага. Анан ошонун эсебинен деле эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыдан кутулууга толук мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG