Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

“КУМТӨР” КЕНИ – ПАЙДА КИМГЕ?


Акан Иманов, Бишкек Кыргыз өкмөтү менен “Камеко” корпорациясынын ортосундагы мунаса келишимди Жогорку Кеңеш январь айында карамак. Бирок маселе каралбай февраль айына жылдырылган эле. Бул келишим эми каралат деп турган чакта Каржы полициясы “Кумтөр” кенине карата кылмыш ишин ачты. Бул окуя коомчулук арасында түрдүү пикирлерди жаратты.

“Эми келишимге киришсек” деп чогулган жаңы парламенттин комитет, фракциялары бул мунасаны карай алышкан жок. “Кумтөр” кени боюнча мунаса кийинкиге жылдырылат деп көптөр күткөн эмес.

Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер келишим Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилбесе, бул жылы казынага 20 млн. доллар акча түшпөй калат:

-Быйыл казынага 54 млн доллар түшөт деп эсептелген. Биз мунун 10 пайыз деп алтындын баасына такап койгон элек. Ошондо эле бюджетке 20 млн доллар каражат келбей калат.

“Мунаса келишимге бут тосуу туура эмес”, - деп эсептейт Социал-демократтар фракциясынын депутаты Руслан Шаботоев. Анын ишениминде, буга чейинкиге салыштырмалуу бул долбоор Кыргызстанга көп пайда алып келет:

-Бут тосуу туура эмес. “Камеко” бизге керек. Биринчиден акциялардын 30 пайызын алабыз, андан тышкары 1 жарым млрд каражат казынага түшөт.

“Кумтөр” кенин 1992-жылы кыргыз бийлиги Канаданын “Камеко” компаниясына берген. 1994-жылдан баштап бул келишимдерге күмөн саноолор башталып, “легендарлуу парламент” дагы ушул алтын жаңжалынан улам таратылгандыгы айтылып жүрөт. 2003-жылы болсо, белгисиз себептер менен “Кумтөр” долбоору, “Центерра” компаниясы болуп кайра түзүлгөн дагы, андагы Кыргызстандын жана “Камеконун” үлүшү “Центерра голд” компаниясына өткөрүлүп берилген.

Акыркы бир жарым жылда “Кумтөр” кени боюнча парламенттик деңгээлде эки, ал эми республикалык деңгээлде бир комиссия түзүлгөн.

8-февралда Барскоон кырсыгынан жапа чеккен Жетиөгүз районунун, беш айылынын демилгелүү тобунун атынан жети адам Бишкекке келген. Алар “бул ишканалардан канча каражат түшүп, кайда сарпталып жаткандыгы ачык айтылсын жана кен байлыктарды менчикке берген мыйзам долбоору ачык талкуулансын” деген талаптар менен өкмөт, президент жана депутаттарга жолугуу үчүн чыгышканын билдиришти. Демилгелүү топтун мүчөсү Самүдүн Каниев:

-Салыкты жыйноо өкмөттүн иши. Бул жол менен алар өз чабалдыгын көргөзүштү. Үч жылдан бери иликтебей эмне кылып жүрүшүптүр?

Бир нече күн мурун Каржы полициясы “Кумтөр” алтын кенине карата козголгон кылмыш иши мыйзамдуу деп маалымдады. Аталган мекеменин тергөө бөлүмүнүн башчысы Туратбек Масыбаев “Кумтөр голд компани” жана “Центерра голд” ишканалары 2003-жылдан бери салык төлөбөгөндүгү себеп болду дейт:

-2003-жылы мыйзам бузуу жолу менен бул компанияга жеңилдиктер берилген. Жеңилдик берилиш үчүн Жогорку Кеңеш же президент тарабынан ратификацияланыш керек эле. Бул жерде жеңилдиктер ошол кездеги премьер-министр Танаев тарабынан берилген экен. Ошондуктан 100 млн сомго жакын каражат бюджетке түшпөй калган.

Азырынча СДПК, Коммунисттер фракциялары, Бюджет жана финансы комитети келишимди колдоорун билдирди. Ал эми “Акжол” фракциясы менен энергетика, отун-суу жана пайдалуу кендер боюнча комитет келишимди карап, кылмыш ишинин козголушуна байланыштуу чечим кабыл алууну кийинкиге жылдырышкан.

XS
SM
MD
LG