Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

ЖАЛАЛАБАТ: “ХИЗБ-УТ-ТАХРИР” УЮМУНУН ТААСИРИ КАНЧАЛЫК?


Облус тургундары террорчул жана диний уюмдар тарабынан коркунуч сезишүүдө. Өлкөдө расмий катталбаган “Хизб-ут-тахрир” саясий партиясы бийликке умтулууда жана улут аралык ажырымды пайда кылууда. Жашыруун бул уюмдун облустагы мүчөлөрү менен тарапкерлери жылдан жылга көбөйүүдө. Мындай билдирүүнү облустук улуттук коопсуздук кызматынын Башкармасынын жетекчиси Равшан Балтабаев укук коргоо уюмдарынын 12-февралдагы жыйынында жасады. Анын кебине кошулбаган “Хизбут-ут-тахрир” партиясынын облустагы өкүлү улуттарды компартия ондонгон партиялар болуп жарып жаткандыгын билдирди. Компартиянын облустагы башчысы мындай пикир менен макул болгон жок.

“Хизбут-тахрир” партиясы менен террорчул уюмдар облустун тынчтыгына шек келтирүүдө. Алар саясий ызы-чууларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, улут аралык карама-каршылыкты козгоого аракет кылуу менен бийликке умтулууда. Мүчөлөрү менен ал партияны жактоочулардын саны өсүп, 2007-жылы беш миңге чамалады.

Өткөн жылы Баш мыйзамды өзгөртүү референдуму менен парламенттик шайлоого жана Орозо, Курман айт, жаңы жыл майрамдарынын белгиленишине каршы чыгышкан. Сузак районундагы Бекабат айыл өкмөтүндө жума күндөрү эркек балдарды мектепке жибербөөгө, кыздарды жоолукчан жүрүүгө, жума күнүн окуу күнү эмес деп жарыялоого үндөшкөн.

Мурда АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн саясаты менен макул болбогон “хизбутчулар” соңку жылдары кыргыз бийлигин сындоого өтүштү. “Аларга каршы ишти укук коргоо уюмдарына эле жүктөбөй, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек. Улуттук коопсуздук комитети аркылуу “Хизбут-тахрир” партиясынын өкүлдөрүнө карата жаза ыкмаларын көбөйтүү тууралуу парламентке сунуштаганы турабыз. Аларга ислам мамлекеттери болуп саналган Сирия, Араб мамлекеттеринде да уруксат жок. Ал жактарда мындайлардын башы алынат же катуу жазага тартылат”, - деди Равшан Балтабаев:

- Бийликке каршы гана үгүттөөчүлөр жүрбөйт, булар аларды анча-мынча колго алып, улутчулук кылып атышат. Күндөн-күнгө күчтөнүп келаткан саясий күч стратегияны жамынып алып бийликке келатат. Мисалы, Иордания, Египет, Сирияда эгерде “Хизб-ут тахрир” далилденсе камап, же башын алып салат.

Облуста “Хизбут-тахрир” партиясынын мүчөлөрүнүн так саны беймаалым. Алар былтыркы бүткүл элдик добуш берүүнү жакташпаганы менен парламенттик шайлоого каршы чыгышкан эмес. Уюмдун Болотбек аттуу мүчөсүнүн айтымында партиянын террорчулук менен байланышы жок. Партия саясий жол менен элди кудайдын мыйзамы менен жүрүүгө жана ислам мамлекеттерин биригүүгө үндөйт. Элди улуттарга “хизбутчулар” эмес, компартия өңдүү партиялар бөлүштүрүүдө:

- “Хизб-ут тахрир” террористтик уюм деп эсептелинбейт. Алардын максаты бардык мусулмандарды бир мамлекетке бириктирүү. Бүгүнкү күндө улутчулдук деген партиялар чыгып атат. Аларды жоготуп бардык адамдарды бириктириш керек. Ар кыл саясий партиялардын пайда болушу элди бөлүп-жарууну пайда кылуунун аракети.

Жашыруун уюмдун Жалалабат шаарында иштеген бул мүчөсүнүн пикири менен компартиянын облустагы комитетинин 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаев макул эмес. Компартия жаралган күндөн тарта “Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!” деген ураан менен чыккан деди ал:

- Коммунисттик партия улуттарды бөлбөйт. Алар сен өзбек, сен кыргыз, сен татар дебейт.

“Хизбут-тахрир” партиясынын баракчалары көрүнөө да, көмүскө да таркатылууда. Анын тарабына көбүнэсе турмушу начар жана диний түшүнүгү төмөн жумушсуздар өтүшөт. Калкты жашыруун уюмдун таасиринен сактоо үчүн облус тургуну Мамыт Исмаиловдун пикири боюнча, экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун оңдоо керек:

- Экономиканы көтөрүп элдин турмуш тиричилиги жакшы болсо кошулбайт эле. Алар кагаздарды бекер таратпайт. Акча алгандар үчүн ушул иштерди жасап атат. Элди иш менен камсыз кылыш керек, турмуш-тиричилигин көтөрүш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG