Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

12:47 “Манас” аскерий аба базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча соттук кароо Игорь Трофимовдун арызына байланыштуу жылдырылды


“Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” фондусунун башчысы Кыргызстандан коалициялык күчтөрдүн аскерий аба базасын өлкөдөн чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. Соттук кароо бүгүн саат 9-00дө башталмак. Бирок бүгүн судьяларга Бишкек шаардык соттун жаңы төрагасы көрсөтүлгөндүктөн, сот саат 10-00гө жылдырылган. Бүгүн саат 10-00дө Биринчи май райондук сотунда Карасуу РИИБинин башчысы Курсан Асановдун арызы боюнча Игорь Трофимовго карата козголгон кылмыш иши да каралмак. “Андыктан аскерий база боюнча сотту жылдыруу суранычы менен арыз жазып, жөнөй бердим”, - деп билдирди Игорь Трофимов “Азаттыкка”. Бишкек шаардык соту бул ишти качан караары белгисиз. Ал эми Биринчи май райсотундагы кароо дүйшөмбү күнү уланат. (JTo)

XS
SM
MD
LG