Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА


Муса Мураталиев, Москва Эртең Орусяда президенттик шайлоо өтмөкчү. Ошондуктан бүгүн өлкөдө шайлоого даярдык көрүү өнөктүгү ырасмий түрдө жыйынтыкталды. Алдыдагы бул күн жана түн тунжуроо маалы болуп эсептелет. Бул учур талапкерлердин атын сүрөө же алар үчүн үгүт жүгүзүгө уруксат жок. Ошого карабай орусиялыктар шайлоодо президент Путин мураскорум деп атаган азыркы өкмөттүн төрагасына биринчи орун басар Дмитрий Медведев жеңерин алдын ала белгилешүдө.

Орусия чоң мамлекет болгондуктан анын алыскы булуң бурчтарында алдын-ала шайлоо өткөрүү иши буга дейре эле башталган. Маселен бүгүн эртең менен Томскиден келген кабарда ошондой маалымат бар.

«Азаттыктын» кабарчысы Николай Погодаев билдиргенге караганда, областтык шайлоо комитетинин маалыматы боюнча бүгүн ал аймакта:

-Каргасок, Александровский жана Пробельский райондорунун карамай чыкчу токойлордогу алыскы кыштактарында алдын ала шайлоо жүрүп 800гө чукул киши добуш беришти.

Бирок шайлоо бекеттеринин ырасмий ачылышы 2-мартта эртең мененден кечке чейин болмокчу. Шайлоонун жүрүшүн түшүнгөн дагы, түшүнбөгөн дагы Дмитрий Медведевдин жеңишке жетерин айтууда. Мындай ойду, кызык жери, президенттик орунду ырасмий талашып жаткан Геннадий Зюганов, Владимир Жириновский жана Андрей Богдановдун тарапкерлери да айтышууда. Ошон үчүн алар эртеңки шайлоону жайынча гана Путиндин мураскору үчүн өткөрүлүп жаткан шайлоо деп аташууда.

«Мурас» корунун анализчиси Хелли Дейл баамында да шайлоо сыртынан караганда демократиялык негизде өткөрүлүп жаткан сыяктанат, талдай келгенде бул ат салышууда Медведевден ашып кетер эч ким жок.
Мындай жагдайдын түзүлүшүнө Владимир Путин түзгөн саясий система кедерги болгонун айтышат.

«Добуш» деген аталышта шайлоочулар укугун коргоо ассоциациясынын аткаруучу директору Лилия Шибанова айтканга караганда, Орусияга чет өлкөлүк байкоочулардын келүүдөн баш тартышы дегинкиси жаман көрүнүш. Мунун өзү Орусияда шайлоо өткөрүү эл аралык байкоочулар баа берүүсүнөн төмөнкү чийинде калганын бдилдирет:

-Биз темир көшөгөнү ачкандай болдук эле, бирок азыркы шартта бардыгы айланып олтуруп мурдагы калыбына келүдө, кантсе да мындан ары жабык өлкөдө жашайт сыяктанбыз, - дейт Шибанова.

Guardian басылмасы жазганга караганда Путин түзгөн саясий система «демократия орнотомун анткорлонуусу болууда», Кремлдин эл аралык мейкиндикте таасирибиз артып баратат дешине бир эле мурдагы советтик республикалар жаатын түзгөн өлкөлөр алакасынын сунушун мисал келтирсе болот деп жазат.

Өлкөнүн ичинде туруктуулук орноду деши да калп, эмне дегенде Путин тушунда коопсуздук деңгээл абдан төмөндөп, кылмыштуулук президент Борис Ельцин тушундагыга караганда алда канча жогору өстү деп жазат.

XS
SM
MD
LG