Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:26

БУУ Израилдин Газа тилкесиндеги операциясын айыптады


Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израиль Газа тилкесиндеги согушкерлерге каршы чара көрүүдө ашыкча күч колдонуп жатат деп айыптады. Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп, баш катчы Хамас уюмунун согушкерлерин Израилге ракета атууну токтотууга чакырды. Кечээ жөөт армиясынын соккуларынан 60ка жакын киши, анын ичинде жайкын тургундар, балдар мерт болгону кабарланууда. Израиль тараптан 2 жоокер каза тапты деп маалымдалды. Телавив операция Хамастын кол салууларын токтотууну көздөйт деп ырастоодо. Палестинанын лидерлери Израилдин операциясы тынчтык процессине кедергесин тийгизиши мүмкүн деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG