Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Бир жарым жумадан бери Майлысуу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/57EFB781-60A5-4DF9-BE45-646B9C237BB0.asp электр лампалары заводунун жумушчулары иш ташташып, өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларындагы эмгек акысын төлөп беришин талап кылышууда. Ишкананы экономикалык оор абалга алып келген Майлысуу электрлампалары заводунун директору кызматтан алынып, ордуна башка киши дайындалды. Эмгек акыларынын толук төлөнүп беришинен үмүтүн үзгөн жумушчулардын биртобу иштен бошонуп, чет өлкөлөргө кетишүүдө.

Майлысуудагы электр лампалары заводунда ушу тапта болуп жаткан окуялардын учугу 2002-жылдын аягынан башталат. Н.Танаевдин өкмөтү заводдун мамлекетке тиешелүү 62,43% акциясын сатууга коюп, тендер жарыялаган.

2002-жылдын 20-декабрында өнөржай жана тышкы соода министри Садриддин Жиенбековдун жетекчилигинде түзүлгөн тендердик комиссия төрт атаандаштын ичинен орусиялык “В.А.В.С.” жоопкерчилиги чектүү коому утуп чыкканын жарыя кылган. Эмнеликтен тендердик комиссия атаандаштарына салыштырмалуу кыйла эле аз өлчөмдө инвестиция планын сунуш кылган компанияга ири ишкананы берүүгө макул болгону эмдигиче бүдөмүк.

Тек, орусиялык компаниянын Москва шаарынын жанында электр лампаларын чыгарчу ишкана куруп жатканы, Майлысуудагы заводдун жаңы ээлери тармактын проблемасын жакшы билери гана маалымдалган.

Заводдун акцияларынын алгачкы баасы 3,2 миллион долларга бааланган. Буга кошумча, заводдун жаңы ээлерине үч жыл ичинде ишкананы жаңылоого 15 миллиондон кем эмес инвестиция жумшоосу милдеттендирилген.

Бирок да тендерден утуп чыккан орусиялык компания инвестициялык милдеттерин аткара алган жок. Заводдун оңдоо цехинин башчысы Рустам Абдувалиевдин ырасташынча, ишкана мурдагы калыбында эле калды:

- Эч нерсе аткарылган жок да. Биртоп темир-тезектерди алып келишкен. Ошону менен инвестицияны жаптык деген түр көрсөтүп гана коюшту. А биз ага каршы чыгып атайын демилге топ түзгөнбүз. Өкмөткө, президентке чейин кайрылуу кат жөнөттүк. Эч кандай жыйынтык болбоду.

Социализм тушунда чыгарган продукциясын 19 өлкөгө экспорттоп келген ири ишкана эгемендик тушунда эки сыноого кабылды. Анын биринчиси 1995-жылкы айтылуу “ПЕСАК” программасына туш келип, андан биротоло жоюлуп кетпей сакталып калганы болсо, кийинкиси заводдун орусиялык “В.А.В.С.” компаниясынын ээлигине өткөндөн башталды.

Ишкананын бир жарым миңдей жумушчулары өткөн жылдын эки айында иштеп тапкан эмгек акыларын алалбай олтурушат. Завод жумушчуларына өткөн жылдын ноябрына 4 миллионго жакын, декабрь айына 19 милллионго бираз жете бербеген акча карыз. Oңдоо цехинин башчысы Рустам Абдувалиевдин айтуусунда, эмгек акысын өндүрүп алуудан үмүтүн үзгөн айрым жумушчулар иштен бошонуп жумуш издеп башка жактарга кетүүдө:

- 3800 адам иштечү. Бирок азыр Орусияга, Казакстанга кеткен адамдар аябай көбөйүп жатат. Күнүнө 10–15 адам иштен бошонуп жатат. Эми мынабул тополоңдон кийин, анан да жаз келип калды, кетчүлөр дагы көбөйөт. Даярданып жатышкандар көп.

Заводдун жумушчулардын эмгек акысы, башка төлөмдөр боюнча карызы 300 миллион сомдон ашуун:

- Ноябрь айынан баштап карызы 47 миллион сомдун тегерегинде деп жатышат. Ал эми жалпы карызы, январга чейинкиси, 330 миллион сомдон ашуун акча деп жатышат,- дейт Рустам Абдувалиев.

Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстары министринин орунбасары Гүлбарчын Парманова заводдун жетекчилиги ушу тапта талаштуу маселени чечүүнүн аракетин көрүп жатканын маалымдады:

- Биздин министрлик тарабынан Москвага, компаниянын башкаруучусуна биртоп каттар жазылды. Ал эми мына эки-үч күн болду өкүлдөрү бул жакка келишти. Компаниянын биринчи вице-президенти Терехов, Шаховский, электр лампалары заводунун директору Т.Ахмедулин келишип азыр ошол жакта иштеп жүрүшөт.

Г.Парманова заводдун салыктар боюнча карызы жоктугун, анткен менен ишкана Социалдык фондго төлөмөр экенин кошумчалады:

- Бирок Соцфонддун алдында карыздары бар экен. 7 миллион сомго жакын. Ал карыздарды эми караштырып жатышат.

Майлысуу электр лампалары заводунун айланасында беш жылдан бери топтолуп келаткан проблемалар бир четтен чубалып чыгууда. Аларды инвестициялык келишим шарттарына ылайык чечүүгө өкмөттүн да орусиялык ишкерлердин мойну жар бербей келатат.
XS
SM
MD
LG