Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Кыргызстандын кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактарына байланышкан маселе Жогорку Кеңештин кечээ күнкү жыйынында дагы бир ирет козголду. Анда айрым депутаттар өзгөчө Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш кээ бир аймактарда абал оор экенин, жашоо шарттын начардыгынан эл үй-жайын таштап, башка жактарга орун которуп жатканын, мындай аймактарга өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорун тез арада кабыл алуу зарылдыгын белгилешти. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев “Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берди.

-Сиз демилге көтөрүп жаткан мыйзамда чегарада жайгашкан айыл тургундарын ошол жерде кармап турууга кандай чараларды көрүү сунушталган? Канча айылды камтыйт?

-Биринчиден, бул мыйзамды биз өткөн жылы даярдаганбыз. Бирок азыр 5-мартта комитетке берилген, ошол күнү каралган. Бул мыйзам чегара аянттарына өзгөчө статус берүү тууралуу. Чегарабыз азыр бизде Казакстан, Кытай менен жакшы деп айтсак болот. Бул мыйзам Баткен облусу менен Тажикстанга караштуу чегаралар боюнча жазылган. Ошол жердеги айылдарды так бергенбиз. Согмент, Таян, Аксай, Самаркандек, Лейлек районундагы Арка айылдары ошол мыйзамга киргизилген. Ошолорго биз льгота берип, элди ал жерде кармаш максат болгон.

-Кандай жеңилдиктер каралган? Мисалы энергетика тармагында жеңилдиктер каралган беле?

-Туура айтасыз, бул жерде биринчиден энергетика маселеси. Себеби биздин Баткен облусу бардык энергетика ишканалары токторду Тажикстандан алат. Жарыкты бекер берүү, жер салыктан бошотуу жана башка сегиз пункт бар. Себеби көп жерлерде элдер жерди алганда дагы эч нерсе кура албай жатат. Ошон үчүн узак мөөнөткө ссуда берүү керек. Мектепти бүткөн балдарга квота берүү зарыл. Себеби азыр медицина, билим тармагынан адистер жок. Ошолорду бюджеттен окутуп, ал жерге кайра иштетиш керек.

-Ушул жылма миграцияны, коңшу тажик атуулдарынын жер сатып алуусун токтотуунун чаралары мыйзамда каралганбы?

-Каралган. Азыр көп жерде тажик атуулдарына жерди мыйзамдаштырып сата албайт. Ошондуктан булар арендага деп келишим түзүп, анан аренда аркылуу тажиктерге өтүп жатат. Ошондуктан эч кандай ижара болбойт, сатуу мүмкүн эместиги ошол мыйзамда жазылган. Себеби азыр көп жерлерде ижара жолу менен ушул жерлер кетип жатат. Ошону биз мыйзамда жазганбыз.

-Сиздин эсебиңиз боюнча ушул убакытка чейин канча жерди жоготтук?

-Эки жылдан бери айтып жатабыз. Мына Баткен облус боюнча талаш деп турган 2000 гектардан ашуун жер берилген. Биз үчүн булар талаш жер болууда. Бирок коңшу Тажикстан бул жерде талаш жок, ал жакта курулуш иштери башталган. Мен ачык эле айтып жатам, Ходжент жакта мектепттерди куруп жатат. Булар үчүн талаш эмес. Бирок биздин бийлик үчүн талаш маселе болуп жатат.

-Мыйзамдын баасы бюджет үчүн канча болот?

-Болжол менен 100 миллиондон ашпайт. Мен жазып койдум, биринчиден бул Сохтун, Чорку, Ворухтун тегерегиндеги айылдар жана Арка массивдеги суу маселеси көп, ошол жерде дагы элдер көп кетип жатат. Ошол жердеги алты айыл жазылып турат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG