Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

“ӨЗБЕКСТАН ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫНА” ЖАН ТАРТКАН АДАМ 17 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ


Өткөн аптанын соңунда Жалалабат шаардык соту кыргызстандык үч жана өзбекстандык эки жарандын үстүнөн сот ишин аяктады. Төрт адам “2006-жылы ИДУнун мүчөлөрү деп шектелген куралдуу кишилерди жаап-жашырган” деген айып менен ар бири 3-4 жылдан шарттуу жаза алды. ”ИДУнун мүчөлөрү менен байланышы бар” деп шектелген өзбек жараны Жамалдин Абдумажитов күчөтүлгөн тартипте 17 жылга түрмөгө кесилди. Сот убагында ал айыбын жарым жартылай алаарын жана “ИДУнун мүчөлөрү деген белгисиз кишилерден корккондугунан алар менен бирге кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Бирок, ишти караган сот менен мамлекеттик айыптоочу 11-мартта маалымат бере албай тургандыгын айтышты.

“ИДУга катыштыгы бар деп шектелген Жамалдин Абдумажитов 2006-жылдын 10-июнундагы Жалалабаттагы ок атышуудан кийин качып жүргөн. Май айында МАИнин инспектору шаарда атып өлтүрүлгөндөн кийин коопсуздук жана тартип сакчылары ИДУНун мүчөлөрү болушу ыктымал деген куралдуу кишилердин изине түшкөн. Ошол жылдын 14-июлунда облуста Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда террактарды жасаган деп күмөндөлгөн, “Лейтенант”, “Раис”, “Палбан” аттуу (кличкалуу) куралчан беш киши жок кылынган. Абдумажитов менен анын мекендеши Эркин Холиков жана облус тургундары Хасанбай Юсупжанов менен Бахрам Кунаков былтыр Сузак районундагы “Уют” кафесинде колго түшүрүлгөн. Кармалган маалында Абдумажитов коопсуздук жана тартип сакчыларынын өмүрүнө да коркунуч келтирген. Андан тышкары ага диний кастыкты козгоп, Ислам халифатын курууга үндөгөн, курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн деген айыптар коюлган. Облпрокурордун уруксаты жок 11-мартта маалымат бере албастыгын айткан мамлекеттик айыптоочу Жолдош Калыбеков жарыш сөз маалында Абдумажитовду өмүр бою түрмөгө кесүү жагын сотко сунуш кылган:

- Милициялар барып кармайбыз дегенде, милицияларды жана өзүн да жардырышка аракет кылган убакта кармалган. Милициялар менен КГБнын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салган.

Абдумажитов өзүнө коюлган айыптардын жарымын четке каккан, ИДУга жана 2006-жыл 10-майда шеит кеткен милиционердин өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирген. Коопсуздук жана тартип сакчылары менен ИДУнун мүчөлөрү деп шектелгендердин ортосунда ок атышуу болгондо автомат кармабаганын, кое турган жер жоктугунан гранатаны кармап жүрүүгө аргасыз болгондугун маалымдаган. Сотто “Куралдуу кишилерден корккондугунан аларды ээрчүүгө аргасыз болгом” деген:

- Алар мага өздөрүн тааныштырган эмес. Кузнечная көчөсүндөгү аялым менен бирге турган 25-номерлүү батирге алып келгем. Алар келгенде курал-жарагын көргөн эмесмин. Мончодо даарат алып жатсам, эшик такылдады. “Кимсиз? деп сурасам, эшикти ачып коюңуз дешти. Аңгыча ичкериден тапанчалуу киши чыга калды да, “Ачпа, быякка өт” деп башы менен ишаара кылды. Мен ”Лейтенант” деген ысымы бар ал кишиден коркот элем. Кийинип атканымда ок атуу башталды. Мага ишаара кылганда биз менен жүр дегенде чоочуганымдан алар менен кете бергем - деди Жамалдин Абдумажитов.

Өткөн апта соңунда ал айыптуу деп табылып, күчөтүлгөн тартипте 17 жылга түрмөгө кесилди. Куралдуу адамдаррды жашырган дегендердин бири, Абдумажитов дарылап жүрүп үйлөнгөн жалалабаттык аялы Рукия Ибрагимова менен сузактык Кунаков жана Юсупжанов үч жылдан шарттуу жаза алышты. Өзбекстандык Эркин Холиков төрт жылга абакка кесилди. Рукия Ибрагимованын жактоочусу адвокат Азиз Мурасатовдун айтымында Абдумажитов менен кошо болгон куралдуу кишилер мамлекеттик түзүлүштү жок кылып, Ислам халифатын орнотууну максат кылышкан:

- Халиков Эркин башка мамлекеттин аймагына уруксатсыз кирген. Жамалдин Абдымажитовдун жанында такай курал-жарактарын алып жүргөн, издөөдө жүргөн, анан “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсү болуп туруп халифат курабыз, мамлекеттик системаны өзгөртөбүз деген чакырууларын дайыма угуп жанында жүргөн. 4 жылга кесилди. Мунун аялы, 2 баласы бар экен. Бул жагдай эске алынды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG