Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

10:45 Билим тармагында иштегендердин абалынын жакшырышына кам көрүлөт


Билим берүү жана илим министрлиги менен аталган тармактагы кызматкерлердин профсоюздарынын борбордук комитети ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга жакында кол койулат. Мындай чечим бул комитеттин төрагасы А. Токтогулов менен билим министри И. Болжурованын жолугушуусунда кабыл алынды. Анда мугалимдерге берилүүчү эс алуу жолдомолорун көбөйтүү, профсоюздагы мүчөлүк төлөмдөрдүн эсебинен мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборлорун ачуу, Ысыкөлдүн жээгинде эс алуу базасын куруу, “Жылдын мыкты мугалими” деген сыйлыктарды берүү үчүн кесиптик кошуун түзүү сыяктуу иш-аракеттердин зарылдыгы белгиледи. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG