Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

ОППОЗИЦИЯДАГЫ ПАРТИЯЛАР МУШАРРАФКА «ШАХ» ЖАРЫЯЛАШТЫ


Пакистандагы саясый кырдаалды президент Первез Мушарраф өзү каалагандай тескей албай калды. Жаңы бекитилген премьер-министр Юсуф Реза Гилани чү дегенден эле былтыр ноябрда абакка салынган же үй камагына отургузулган сотторго эркиндик берди. Алардын ичинде Жогорку Соттун экс-төрагасы Ифтихар Чаудри да бар. Оппозициячыл партиялар Гиланин кадамын колдошуп, Мушаррафтын өз ыктыяры менен президенттиктен кетүүсүн талап кыла башташты.

Премьер-министр Юсуф Реза Гилани чү дегенден эле сотторго эркиндик берип, улут мүдөөсүндөгү ишти жасады, дейт консервативдүү «Жамият Улема-и Ислам» партиясынын төрагасы Гафур Хайдери:

-Премьер-министр алды менен сотторду бошотууну буйруду. Бул жалпы улут жактырган тарыхый чечим болду деп ойлойм. Муну нукура демократияны көздөй жасалган биринчи кадам деп билебиз.

Абактан чыккан соттордун ичинде Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Ифтихар Чаудри да бар. Чаудри башындагы соттор Первез Мушаррафтын кайрадан президент шайлануусуна макулдук беришкен. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын өздөрү каалагандай таанымак болушуп, бийликтин каарына калышкан. Алардын ордуна дайындалган соттор Мушаррафтын кайра шайланышын башмыйзамга ылайык деп тапкан.

Чаудринин абактан бошотулушун Ооганстанга чектеш аймактагы уруулардын башчысы Маулана Мухаммелд Шафик да колдоп, миллиондогон элдин мүдөөсү аткарылды дейт.

Оппозиция эми Первез Мушаррафтын биротоло бийликтен кетип, парламенттин эркин иштөөсүнө мүмкүндүк берүүсүн талап кылууда. Пакистан мусулмандар лигасынын лидери, мурдакы премьер-министр Нафаз Шарифтин билдиришинче, эл Мушаррафтын саясатын четке какты. Андыктан, саясатты Мушарраф эмес, жаңы парламент жүргүзүш керек :

-Мырза Первез Мушаррафка дагы бир жолу кеңеш айтам. Ал элдин эркин сыйлап, бийликти өткөрүп бериш керек. Демократиянын жана Пакистан элинин кызыкчылыгына ылайык, Первез Мушарраф жаңы парламенттин колун байлабаш керек жана жаңы ассамблеянын беш жылга жаңы президентти шайлоосуна мүмкүндүк бериши лаазим.

Пакистанда президентти парламент шайлайт. Азыркы парламентте көпчүлүк орунга былтыр киши колдуу болуп өлгөн Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясы менен Пакистан мусулмандар лигасы ээ.

Мушарраф өзү өлкө алдында турган катаал проблемаларды биримдикте гана чечүү мүмкүн экенин айтып, Гиланини колдой турганын маалымдады:

- Терроризм, экстремизм жана экономиканы алганда, абал оор. Ошон үчүн чогуу таразалап иш жүргүзүшүбүз зарыл. Бул иште премьер-министрдин ролу чоң. Мен аны дайыма колдойм.

Жаңы премьер Гилани Бхуттонун жардамчысы болгон.

XS
SM
MD
LG