Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ УКРАИНАНЫН НАТОго КИРҮҮ МҮДӨӨСҮНӨ КОЛДОО КӨРГӨЗДҮ


Кошмо Штаттардын Киевге иш сапары менен келген президенти Жорж Буш Украинанын НАТОго кошулуу аракеттерине кайрадан колдоо көргөздү. Анын визити НАТОнун саммити алдына туш келди. Украина менен катар Грузияны аскерий альянстын мүчөлүгүнө өтүү жараянындагы маанилүү баскычка киргизүү маселесин НАТО эртең Бухаресте башталуучу саммитте талкуулоого даярданууда.

АКШ президенти Жорж Буш Украинага алгачкы иш сапары менен кечээ кечинде келген эле. Аны расмий тосуп алуу салтанаты украин президенти Виктор Ющенконун резиденциясы алдында бүгүн эртең менен өттү.

НАТОнун румын башкааласы Бухаресте эртең ачылып жаткан саммитинде Грузия сыяктуу эле Украинада уюмга кошулуу жолундагы маанилүү баскыч - Мүчөлүк аракет планына (МАП) кирүүгө үмүт кылууда. Мүчөлүк аракет планына кабыл алууну өтүнүп, НАТОго Украинанын азыркы бийлиги өзү да кайрылган. АКШ президенти бүгүн Киевден Украинанын мына ушундай өтүнүчүнө дагы бир ирээт колдоо билдирди:

-Биз Украина жана Грузия үчүн Мүчөлүк аракет планын колдойбуз. Украинанын НАТОго кирүүгө умтулуусуна жардам берүү альянстын ар мүчөсүнүн кызыкчылыгындагы маселе. Бул ушул чөлкөмдө жана дүйнөдө коопсуздук менен эркиндиктин чыңдалышына көмөктөшөт.

Жорж Буш ошондой эле Украинадагы демократиялык жана аскерий реформаларды кубаттады. Украина НАТОго кирбей туруп эле, анын бардык миссияларын колдогон жалгыз өлкө экенин белгиледи. Украина буга чейин Ооганстанга, Косового, Иракка өз жоокерлерин жөнөткөн болчу.

Украин президенти Виктор Ющенко болсо Жорж Буш менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда НАТОго кошулуу анын өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыгындагы гана маселе экенине токтолду:

-Бул кимдир бирөөлөргө каршы багытталган саясат эмес. Бул маселеде биз биринчи кезекте өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды жетекчиликке алып жатабыз. Эгер тарыхка кылчайып карасак, Украинанын мамлекеттүүлүгүнө тийиштүү трагедиялык окуялар арбын болгон. Андыктан коопсуздуктун жамааттык системасы, Украинанын саясий суверенитети менен аймактык бүтүндүгү үчүн эл аралык кепилдиктер гана Украинанын түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү суроонун туура жообу деген жыйынтык чыгарууга болот.

Анткен менен Украинада баары эле президент Виктор Ющенконун НАТО боюнча көз карашын бөлүшө бербейт. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары украиналыктардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн НАТОго кирүүсүнө каршы экенин көргөзгөн. Болгону бул идеяны калктын 30%ы гана колдойт. Киевдин борбордук аянтында НАТОго каршы митингдердин өтүп жатышын президент Ющенко бүгүн табигый көрүнүш катары мүнөздөдү:

-Менимче украин коомунда бул ойду бөлүшпөгөн күчтөрдүн болушу табигый гана нерсе. Бүгүн кызыл желектер алдында НАТОго каршы бир нече жүз адамдын митинг өткөрүп жатышы да толугу менен табигый көрүнүш.

Украинанын НАТОго көздөй жолундагы дагы бир чоң тоскоолдук - Орусиянын каршылыгы. Орусия НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейишине карманча макул эмес. Өлкөнүн шайланган президенти Дмитрий Медведев жакында эле Украина менен Грузияны катарына чакыруу менен НАТО "кызыл сызыктан" өтөрүн эскерткен. Бул эки өлкөгө Мүчөлүк аракет планы берилишине каршы экенин Германия менен Франция да айтып чыкты.

Француз өкмөт башчысы Франсуа Фийондун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Украина менен Грузиянын НАТОго мүчө болушу "Европадагы, Европа менен Орусия ортосундагы бийлик балансын бузгандыктан" анын өлкөсү муну колдобойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG