Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

БУШ ШЕРИКТЕРИН УКРАИНА МЕНЕН ГРУЗИЯНЫ НАТОго КАБЫЛ АЛУУГА ЧАКЫРУУДА


Румыниянын баш калаасында НАТОнун --> http://azattyk.kg/rubrics/security/ky/2008/04/79515C77-C648-4EBD-899E-EB57F03274FD.asp жылдык саммити башталууда. Жолугушуунун алдында америкалык президент Жорж Буш НАТОну Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планын сунуштоого чакырды. Россия болсо бул эки мурдагы советтик жумурияттардын блокко киришине караманча каршы. Бухаресттеги саммитте Ооганстандагы аскерий операция да негизги маселелерден болмокчу.

-Бухарестте альянс Грузия менен Украинанын НАТОго мүчө болуп кирүү мүдөөсүнө кубаттоосун ачык билдирип, максатка жетүүнүн жолун сунуш кылышы керек. Менин өлкөмдүн позициясы айкын. НАТО Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планын сунуштоого тийиш.

Америкалык лидер Россиянын каршылыгына карабай, НАТО бардык калган европалык мамлекеттер үчүн ачык болууга тийиш деп кошумчалады.

Москва мурдагы эки советтик жумурияттын блокко киришине караманча каршы. Дүйшөмбүдө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ экс-советтик жумурияттарга жылжып кирүүгө аракеттенүүдө деп айыптаган. Бүгүн болсо Мамлекеттик Думада сүйлөгөн министр Грузия НАТОго кошулуу аракеттерин сепаратисттик регинондорго каршы колдонууда деп билдирди:

-Мындай жагдай Абхазия менен Түштүк Осетияда жашаган элдин шартын кескин өзгөртмөкчү. Алардын көбү Орус федерациясынын жарандары.

Альянстын өзүндө да бул маселе талаш туудуруп келатат. Франция менен Германия Киев жана Тбилиси НАТОнун критерийлерине жооп бербейт жана аларга Мүчөлүк аракет планын сунуш кылуу азырынча эрте деп санашат. Париж менен Берлин аргумент катары Грузиядагы чечилбей калаткан аймактык талаштарды, Украинадагы калың элдин НАТОго каршы экенин, Россия менен конфронтацияго барбоо керектигин келтиришет.

Бүгүнкү сөзүндө Буш ошондой эле НАТОнун мүчөлөрүн Ооганстанга кошумча аскер жиберүүгө үндөдү. Түндүк альянстын Ооганстандагы операциясы жыйында талкуулана турган негизги маселелердин бири.

-Ооганстанда дагы көп проблемалар чечиле элек. Душман бир да ооган шаарын көзөмөлдөбөйт. Бирок согуш талаасында жеңилген душман жардыруу, жан кечтилердин кол салуулары өңдүү теракттарын көбөйттү. Биз алардын кысымына моюн сунуп берсек, экстремисттер баш пааналаган жерлерин калыбына келтирип, аларды ооган элин коркутуп-үркүтүүгө, биздин элибизге коркунуч туудуру үчүн колдонушат. Андыктан биз өз турумдарыбызда кала беребиз.

Андан тышкары америкалык мамлекет башчы Чыгыш Европада антиракеталык системаны орнотуу планынан тайбай турганын, долбоорго каршы болуп келаткан орус президенти Владимир Путинге кысым көргөзөөрүн да айта кетти.

XS
SM
MD
LG