Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ТАЛАШТУУ ТӨРТ ПАНСИОНАТ: КАЛК АЙТСА ДА, КАЛП АЙТПАЙТ


Ысыккөлгө казак тарап курган төрт эс алуу жайдын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/7DBF8303-05E4-473F-8B7A-29043FE036C9.asp алардын менчигине өтүшүнө жергиликтүү элдин жана жетекчилердин пикири кандай? Ал пасионаттар районго канча карыз?

Союз убагында эле көлдүн толкуну адамзатка пайдалуу да, кирешелүү да делип, ар кайсы республика Ысыккөл жээгин бойлото түрдүү эс алуу жайларын курганга жетишкен экен. Алардын арасынан Казакстан тарап озунуп төрт пансионатын расмий менчиктөөгө белсенип турат.

Ысыккөл районунун Бозтери айылындагы “Саамал”, “Казакстан университети”, “Казакстан” санаториясы, Корумду айылындагы “Автомобилист Казакстан” деген эс алуу жайлар 1991-жылдагы келишим боюнча Кыргызстанга өтүш керек эле деген сыяктуу негизги себептерин жиликтеген көптөгөн талкуу, жыйын мурдагы, кийинки Жогорку Кеңештин сессияларында дагы ого эле көп, байма-бай айтылып келди. Бир гана жөнөкөй элдин үнү угулбаган таризде болду. Ошондуктан биз жергиликтүү элдин оюн билүү үчүн аларга кайрылдык:

- Атым Максат, Бозтериден болом. Пансионаттарды калтырганда эмне кылат, андан көрө казактарга берип иштеткен жакшы да.

«Автомобилист Казакстан» деген пансионат жайгашкан Корумду айылындагылар болсо, бул эс алуу жай жакшы иштебегендигин айтып, өз сунушун белгилешти:

- Башка эч ким иштете албаса, казактар иштетсин. Акча түшүп турат дегендей, алардын шарты илгерки союздагыдай эле да.

Туруктуу жумушу барлар төрт пансионаттын казак тарапка белгилешсе, карапайым эл жерди дагы, мүлктү дагы ижарага гана берүү керек дейт:

- Эмне үчүн казак тарап иштетиш керек? Мисалы биздин келин-кыздар ошол жакта ашпозчу болуп иштеши керек эле. Ал эми бактын түбүндө семичке, жумуртка, сүт сатып отурушат.

Казактардын жеке менчиги болгон “Алматы” эс алуу борборун мисалга келтирген тургундар төрт пансионатка эгерде алар расмий түрдө эгедер болсо жергиликтүүлөр менен чыр-чатак көбөйөт деген ойдо:

- Казактарга өтүп кетсе анда жалаң өздөрү иштетип, биздин элдер калат, ошондо накта согуш башталат.

Кыргызстан буга чейин чектеш өлкөлөрдөн өз энчисин алалбай келатканын белгилеген дагы бир жаран, аны башчылардын алсыздыгынан көрүп, төрт пансионаттын казак тарапка берилишине эмне үчүн каршы экенин төмөндөгүчө чечмеледи:

- Өзүбүздүн жерибизди берип койгон туура эмес. Азыр 49 жылга алат дагы, өзбектердин анклавдары бар го, ал деле ижарага алынган да, ашып кетсе 20 жылдан кийин эле закондорду чыгарып биздин башчыларга басым жасап туруп эле ал да анклав болуп калат, - деди Абитаалы уулу Турдаалы.

Ал эми Ысыккөл райондук акиминин орунбасары Дамир Моңолдоров революциядан кийинки биринчи өкмөт башчы болуп иштеген Феликс Кулов түптөгөн келишим боюнча казак тарап кыргыз тарап койгон айрым талаптарга макул болбой койгонун ачыктады:

- Келишимге 95 пайыз иштей турган адамдар биздин жергиликтүү элдер болсун, катталган салыгы, путевка бул жерден сатылсын, акчасы ушул жерге түшсүн, жер салыгын 4 эсе кымбат кылабыз десек, алар жок, 95 пайыз көбүрөөк экен ушуну 80 пайызга түшүрөлү деп кайра жазышты, - деди төрт пансионат боюнча мурдагы жабык эшик артындагы сүйлөшүү дагы бышпай калганын ачыктаган Дамир Моңолдоров.

Биз бүгүн сөз кылган төрт пансионат боюнча салык менен электр тармактар адистеринин ырасташынча, казактар курган “Олимп” деген эс алуу жайы учурда салык төлөмдөрүнө жалпы 706 миң сом, электр энергияга 135 миң сом карыз экен. Ал эми “Казакстан университети” менен “Автомобилист” пансионатынын мүлккө укуктук кагаздары дагы жетишсиз экени азыр аныкталып атат.

XS
SM
MD
LG