Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

7:38 Нурлан Шакиев: экс-депутат Бекназаровдун билдирүүсүндө мыйзамдык негиз жок


Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин “Азаттыктын” суроосуна берген жообуна караганда, экс-депутат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү мыйзамдык негиз жок, сөз эркиндигине жамынган жоопкерчиликсиз билдирүү. Азимбек Бекназаров “Дефакто” гезитине берген интервьюсунда президент Курманбек Бакиев реалдуу мамлекеттик башкаруудан четтетилип калды, мамлекетти эки чоң топ – президенттин иниси Жаныш Бакиевдин жана баласы Максим Бакиевдин тобу башкарып жатат деп билдирген. Бекназаров “Азаттыкка” ал гезитте келтирген маалыматтар эл оозунда кеңири айтылып, эчак эле жашыруун сыр болбой калган деди. Ал эми “Де-факто” гезитинин Азимбек Бекназаровдун интервьюсу басылган 10-апрелдеги нускасын сатуудан “Кыргыз басмасөз” акционердик коомуна тиешелүү күркөлөрү баш тартып жатышканын басылманын башкы редактору Ч.Орозобекова билдирди.(BuS)

XS
SM
MD
LG