Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

16:55 “Акыйкат үчүн” кыймылы Элдик курултайдын Каркыра боюнча элге кайрылуусун жарыялады


Кайрылууда белгиленгендей, жалпы мамлекеттүүлүккө зак келтирген, элдик бүтүндүктү таптаган, абийирди, улуттук ар-намысты тепсеген көрүнүштөр тек гана көнүмүш адаттай болуп бара жатат. “Короодогу малын, өстөндөгү данын берип жаткансып элдик мүлктөр белекке бериле баштады. Анын мисалы Казакстанга берилип жаткан Ысык-Көлдүн төрт пансионаты, Каркыра жайлоосу”, деп айтылат кайрылууда. Ошого байланыштуу курултайдын делегаттары калк Жогорку Кеңеш ратификация жасап берген төрт пансионат жана Каркыра жайлоосу боюнча келишим негизсиз деп табылышын, президент К.Бакиевден Каркыра жана көлдөгү эс алуу жайлары боюнча чечимдерди бекитпей, кайрадан жумушчу топтордун кароосуна коомчулуктун катышуусу менен карап чыгуусун, ошондой эле элдин пикирин эске албай кабыл алынган бардык чечимдер коомчулук тарабынан таанылбай, улут кызыкчылыгына кыянаттык кылган чечимдер катары жокко чыгарууну талап кылышы керектигин белгилешүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG