Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

АЛМАЗ АКУН ПАНКРАТИОН БОЮНЧА АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУ


Кечээ 19-апрелде түнү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда панкратион федерациясынын мүчөсү Камчыбек Осмоновдун жаркын элесине арналган эрежесиз эр кармаш боюнча эл аралык мелдештин таймаштары жыйынтыкталды. Бул панкратион мөрөй талашына Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын балбандары эки күн күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле эрежесиз кармаш боюнча Азиянын абсолюттук чемпиону үчүн күч сынашууда «Дордой-Жакып» спорт клубунун балбаны Акун Алмаз жеңишке жетти.

Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жетимиш балбаны мыктыларды иргеп алуу, чеберчиликтерин жогорулатуу таймаштарында күч сынашты. Мында 70 кг салмакка чейин алматылык жигиттер Бейбит Назаров, Кайсар Мусаев жана Бекдар Аманбаев, оштук Жаныбек Амирзаев, Акыл Кемелов, бишкектик Талгат Сейталиев атаандаштарын утуп, мыктылардын сабына кошулду.

Бул салмактын финалында Бишкектик Акыл Кемелов менен атбашылык Мирлан Октябров күч сынашып, арбын упай топтоо менен Мирлан баш байгенин ээси болду. Күйөрмандар калыстардын чечимине нааразы болуп, эки ортодо чыр чыгып кете жаздады. Ортого чыккан кызуу кандуу күйөрмандарды атайын отряддын жоокерлери араң токтотту.

80 кг салмакка чейинки Азиянын абсолюттук чемпиондугу үчүн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азиянын эки жолку чемпиону, атбашылык Алмаз Акун рингде Азия чемпионатынын жеңүүчүсү алматылык Динмухамед Азимов менен күч сынашты. Экөөнүн теңтайлашып, Динмухамедди экинчи раундда Алмаз колун толгоп жеңилүүгө аргасыз кылды. Ошентип «Дордой-Жакып» спорт клубунун өкүлү, атбашылык Алмаз Акун Азиянын абсолюттук чемпиону аталып, чемпиондук курдун ээси болду.

Баш байгенин ээси болгон Алмаз Акун панкратион менен он бир жылдан бери машыгып, жыйырма бир жолу утканын, бул жолку атаандашы да күчтүү жигит экенин, Кыргызстандын намысын эл аралык аренада дагы коргоорун билдирди.

Оор салмакта эл аралык турнирдин финалда Азиянын эки жолку чемпиону, кызылкыялык Замир Сыргабаев оштук Рафшан Ашимов беттешмек болгон. Бирок Рафшан баш байгеге талапкерликтен баш тартып, натыйжада Замир Сыргабаевге чемпиондук кур тагылды.

Спорт күйөрманы 74 жаштагы аламүдүндүк Адыл Коңурбаевдин пикиринде үч өлкөнүн мушкерлерининен казактардын даярдыгы дурус экен. Ошондой эле оштук жигиттердин чеберчилиги жогорулап баратканы байкалды. «Бирок оштук күйөрмандар кызуу кандуулукка алдырып, оюндун эрежесин бузууга аракет кылганы жарабайт», - деди карыя күйөрман Адыл Коңурбаев.

Кыргызстандын панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиевдин пикирде мелдеш курч мүнөөздө өттү. Кыргызстандын намысын коргой турган жигиттер эл аралык мелдештерге барышат.

Ошондой эле эрежесиз кармаштын жапон версиясы боюнча Азия чемпиондугу үчүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, алматылык Ардак Назаров менен өзбекстандык Бегали Азизов беттешип, алматылык Ардак баш байгени утуп алды.

Бул панкратион мелдеши байыркы гректер доорунда пайда болуп, мушташ жана күрөш ыкмалары айкашып колдонулуп келген. Биздин эрага чейинки 648-жылкы Байыркы гректердин 33-олимпиадалык оюндарынын курамына кирген.

Кыргызстанда панкратион федерациясы 1996-жылы түзүлүп, ошондон бери жыйырмага жакын эл аралык таймашуулар өткөрүлүп, чет мамлекеттердеги мелдештерге да кыргызстандыктар катышып жүрүшөт.

Сүрөт epochtimes.ru интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG