Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

М.КАЗАКБАЕВ: МЕДВЕДЕВ ПУТИНДИН КӨЛӨКӨСҮНӨН ЧЫГА АЛБАЙТ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Бүгүн Орусиянын жаңыдан шайланган президенти Дмитрий Медведевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3A130B05-6363-49CB-ABA5-6B6ACC33E178.asp кызматка киришүү каадасы болуп өтөт. Орусиянын мындан кийинки саясий багыты тууралуу “Азаттык” үналгысына саясат таанучу Марат Казакбаев маек куруп берди.

-Ушул жаңы президенттик кызматка кириши менен Орусиянын Кыргызстанга, кыргыз эмгек мигранттарына саясаты кайсы жагына өзгөрүшү ыктымал?

-Бүгүн Орусиянын жаңы президенти Медевдевдин инаугурация болуп жатат. Бирок Путиндин саясаты көп деле өзгөрбөйт. Ортоазия мамлекеттери менен жана Кыргызстан менен ошондой эле саясат боло берет, Кыргызстан-Россия мамилеси ошол бойдон эле кала берет. Менин оюмча инаугурация аябай кеч болуп атат. Ушунун баары атайын жасалган. Ушул убактын ичинде марттан-майга чейин президенттин көбүнчө функциялары өкмөткө өтүп атат.

Ошон үчүн россиялык аналитиктер деле айтып айтпайбы, Россиянын ички жана тышкы саясаты ошол бойдон кала берет деп. Менин оюмча, Путин премьер-министр болгондон кийин көбүнчө ошол иштеп, ошол түзөйт тышкы саясатты, анын ичинде Кыргызстан менен деле. Менин оюмча Медведев мурдагыдай эле Путиндин саясаты менен эле иштей берет. Россиянын саясаты көп деле өзгөрбөйт.

-Дмитрий Медведевди Владимир Путинге караганда жумшагыраак, либералдарга жакын саясатчы катары тааныгандар да бар. Сиздин көз карашынызча ошондойбу?

-Азыр жакшы айта албайбыз, Россиянын ичиндеги жана дүйнөлүк практикадагы аналитиктер айтып атпайбы, ар кандай ой-пикирлер болуп атат. Бирок менин оюмча Медведев Путиндей эле иштей берет. Бирок авторитети жетпей атат. Менимче, азыр деле Россияда Медведев Путиндин саясатын аткарат. Көп деле өзгөрүүлөр болбойт.

-Сиз айттыңыз, Дмитрий Меведев бир канча убакыт бою Владимир Путиндин көлөкөсүндө кала берет дегендей. Бирок Путиндин өкмөт башына келиши менен Россияда күчтүү премьер болот. Ошол эле мезгилде президенттин бийлиги да өтө күчтүү да. Орус бийлигинде кош бийлик маселеси кандай чечилет, канчага созулат бул?

-Мен айтпадымбы, инаугурация майда атайын кеч жасалган. Ошонун ичинде марттан майга чейин көбүнчө функциялар өкмөткө кетип атат. Путин ушул өкмөттүн башчысы болот. Ошондо Путиндин деле фукциясы азыр болуп аткан президенттей эле болуп калат. Медведев президент боюнча көлөкөдө эле калат. Көбүнчө Путин эле аткарып атат. Мунуку башка аты болот премьер-министр деген, бирок мурункудай Путин Россиянын саясатында калат, ошол баарын түзөт, Кыргызстан менен болгон мамилесин деле.

-Демек өзүнчө саясат жүргүзгөнгө Дмитрий Медведевдин амбициясы да жетишпейби?

-Экинчи сценарий деп деле айтышат, Медведев деле ойлойт мен президентминби, же президент эмесминби деп. Мүмкүн ал өзүнүн командасын түзөт, ошондо мүмкүн Путин менен конфликт чыгып калат. Ушул беш жылдын ичинде Медведев жаңы командасын түзүп, мурункудай өзүнүн саясатын жүргүзөт деген ой деле бар. Бирок менин оюмча биринчи сценарийде Медведев убактылуу фигура катары 5 жыл иштеп, көбүнчө Путинде авторитеттик функциялар калат.

-Демек Дмитрий Медведев такшалганга чейин Владимир Путин биринчи орунда кала берет, туурабы?

-Ооба, кала берет.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG