Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстанда электр кубатын пайдаланууга киргизилген чектөөлөр уланып, ушу күндөрдө да электр жарыгы күнүнө эки-үч жолудан өчүрүлүүдө. Мындай чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/F987C33B-503F-4288-BC9C-6525DF57400D.asp көлөмүн көбөйтүү, алдыдагы кышка кам көрүү үчүн киргизилгени белгилүү. Бирок айрым серепчилер бул чектөө кышка даярдык үчүн эле эмес, жайкы аптапта кошуналарга суу бериш үчүн да колдонулуп жатканын боолголоп жатышат. Ошол эле учурда Кыргызстанга эми сууну сата турган кез келгени да белгиленүүдө.

Быйыл Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү өмүрү болбогондой тайыздап, алты жарым миллиард куб суу калганы, бул деген кризистик абал экени байма-бай айтылууда. Ушундан улам күн жылый баштагандан тарта өлкө калкына электр кубаты маал-маалы менен бериле баштаган. А түгүл мындай чектөө баш калаа Бишкекке да жетип, май айынан тарта эми күндүзү да 3-4 саатка электр кубаты өчүрүлө баштады. Эгер кыштан жакшыраак чыгабыз десек электр кубатын үнөмдөө керектигин өлкө президенти Курманбек Бакиев да бир курдай эскерткен.

Өткөн айдын этегинде Токтогул суу сактагычындагы абал менен таанышканы барган өкмөт башчы Игорь Чудинов да сууну үнөмдөбөсөк кыштан чыгуу кыйын болоорун кыйыткан болчу:

- Суу сактагычта азыр алты жарым миллиард суу бар. Тилекке каршы, келип жаткан суунун көлөмү суткасына 235 миллион кубметрди түзөт жана ал былтыркы жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге аз. Октябрь айына чейин биз 11,5 милиард кубометр суу топтошубуз керек. Ошон үчүн электр энергиясын пландуу түрдө өчүрүүдөн кайра артка кете албайбыз жана ансыз быйылкы кыштан чыга албай калабыз.

Бирок өткөн айдын соңундагы парламент жыйындарынын биринде өкмөт башчы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 15-июндан тарта электр кубатына чектөөлөр толук алынышы же аз эле убакытка өчүрүлүшү мүмкүндүгүн айтты. Ушундан улам айрым серепчилер мындай чектөөнү кошуналар үчүн суу топтоо амалы катары да боолголошууда. Анткени дал ушул 15-июндан тарта сугат маалы башталат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, энергетика боюнча адис Райымбек Мамыров болсо суу топтонун кошуналарга байланышы жоктугун, бирок ушул учурда кошуналар менен бул багытта көп жылдык келишим түзүп алуу удулу келип турганын, кыргыз тарап азыркыдай шартты пайдаланып калуусу керектигин айтат:

- Эми бул сууну жакшыраак топтоп, кышында өзүбүзгө жетээрлик электр кубатын алуу аракети да, мунун кошуналарга байланышы жок. Бирок азыркы түзүлгөн жагдайдан пайдаланып, кошуналар менен бул багытта көп жылдык келишим түзүп алышыбыз керек. Жайында кааласак-каалабасак да Өзбекстан менен Казакстанга азыраак суу бергенге, аны менен кошо электр кубатын сатканга туура келет. Ошол электр кубатын кошуналар кышында, бизде жетишсиз боло турган учурда кайра бере тургандай шарт менен беришибиз керек. Суу тартыш болуп турган азыркыдай шартты кыргыз тарап пайдаланып калыш керек.

Ошол эле учурда айрым байкоочулар кошуна өлкөлөргө сууну сатуу мезгили келгенин айтышууда. Мурдагы чакырылыштагы парламент депутаты Тайырбек Сарпашев да өлкө бийлиги эми саясий эркин көрсөтүп, суунун баасын быча алса эле бул маселелердин баары чечилгени турат деп эсептейт:

- 2003-жылы Турдакун Усубалиевдин жана башка депутаттардын демилгеси менен сууну сатуу боюнча мыйзамды киргизгенбиз. Эгерде сууну сата турган болсок, бул маселенин саясий да, экономикалык жагы да чечилмек. Кошуналар сууну сатып алгысы келбей эле электр кубатын алабыз деген шылтоо менен бизди дагы да кризиске түртүүдө. Ошондуктан биздин жетекчилик, өкмөт саясий эрк менен эле сууга баа коюш керек. Ошондо суунун ордуна биз газ сатып алабыз, көмүр сатып алабыз аларга тең ата болуп. Суу маселесин саясий өңүттөн экономикалык өнүткө өткөрчү кез келди.

Айрым талдоочулар болсо минтип суу тартыштыгы, азык-түлүк каатчылыгы баш багып турган чакта Борбор Азия өлкөлөрү да талашып-тартышпай, бул маселеде баары үчүн пайдалуу орток пикир тапканы ийги экенин белгилешүүдө.

Сүрөттө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып калгандагы көрүнүшү.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG